БУУнун Кыргызстандагы майыптыгы бар адамдар үчүн эмне кылып жатканын айтып берди
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаныл Алыбаева Майыптардын укуктары жөнүндө Конвенцияга катышкан мамлекеттердин конференциясынын 15-сессиясында Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктарын кантип коргоп жаткандыгы жөнүндө маалымдады.
“Дүйнө жүзүндөгүдөй эле, майыптыгы бар кыргызстандыктардын саны жыл сайын өсүүдө. Бүгүнкү күндө биздин мамлекетте алардын жалпы саны 200 миң, алардын ичинде 35 миңи – балдар.
БУУнун майыптарга карата максаттарына жана милдеттерине Кыргызстандын берилгендигин тастыктоо менен биздин өлкөдө жеткиликтүү чөйрөнү түзүү боюнча чаралар көрүлүүдө. 2019-жылдан баштап атайын балдар үчүн жеке жардамчынын акысы киргизилген.
Ушул жылдын июнь айында бул кызмат балдарга гана эмес, ошондой эле бала чагынан майып болгон чоңдорго да көрсөтүлөт.
Өткөн жылдын октябрь айынан бери майыптыгы бар балдар жана чоңдор алган ар кандай төлөмдөр үч эсе көбөйдү.
Жөлөк пулдун өлчөмү 100% га чейин көбөйтүлдү, ошондой эле майыптыгы бар балдар жана чоңдор жашаган Мамлекеттик мекемелерде тамак-аштын көлөмү эки эсеге көбөйдү.
Кыргызстанда майыптыкка байланыштуу чечимдерди өзгөчө муктаждыгы бар жарандардын өздөрү биргелешип иштеп чыгары маанилүү. 2020 – жылдан тартып Өкмөттүн алдында майыптардын иштери боюнча кеңеш иштеп жатат”, – деди Жаңыл Алыбаева.
2022-06-16