Өзгөн районунун тургундары Түштүк Кореяга жумушка орношот

21-апрелде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борбору Корея Республикасына Айыл чарба тармагында сезондук жумуштарга Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу жөнүндө келишим түздү.
Бул Макулдашууга министирликтин борбору, Корея Республикасынын Хамянг шаарынын мэриясы жана Ош облусунун Өзгөн районунун администрациясы ортосунда кол коюлган.
Жогоруда аталган Макулдашуунун алкагында Өзгөн районунун жашоочулары тандоодон өтүүгө жана Корея Республикасында сезондук айыл чарба иштерине 5 айга чейинки мөөнөткө ишке орношууга мүмкүнчүлүк алышты.
Өзгөн районунун администрациясы Корея Республикасынын Хамянг шаарынын талаптарына ылайык тандоо жүргүздү. Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча Өзгөн районунун 62 тургуну тандалып алынган, андан кийин министирликтин борборунун көмөгү менен эмгек визалары алынган.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2022-жылдын 20 июнунда Өзгөн районунун тандалган тургундарын Корея Республикасына жөнөтүү боюнча салтанаттуу иш-чара өткөрдү.
Жарандарды жөнөтүү 2022-жылдын 21-июнуна Бишкек-Инчхон маршруту боюнча чартердик рейс менен пландаштырылган.
Кыргыз Республикасынын башка облустарынын жана райондорунун жашоочулары үчүн ушундай эле макулдашууларды түзүү максатында министирликтин борбору Корея Республикасында өнөктөштүк мамилелерди түзүү боюнча ишин улантууда.
Пайдалуу
Ссылкалар