Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде протездик-техникалык персоналдар менен россиялык “Mетиз” компаниясынын өкүлдөрүнүн ортосунда Лазердик платформа протезди чогултуу аппараты боюнча тажрыйба алмашуу болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинде протездик-техникалык персоналдар менен россиялык “Mетиз” компаниясынын өкүлдөрүнүн ортосунда Лазердик платформа протезди чогултуу аппараты боюнча тажрыйба алмашуу болуп өттү.
Бир нече жылдан бери РПОБМдин кызматкерлери лазердик платформада протезлердин сапатын лазер менен ченеп, каталарды жана мүчүлүштүктөрдү эске алып иш алып барышкан.
Бул аппараттын жардамы менен республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин протезчилери адамдын денесинин салмагыгын оордук борборунун сызыгынын абалын тез жана так аныкташат.
Ошондой эле, лазер нурун жылдырууга болот, ошону менен пациенттин абалын же ортопедиялык дарылоонун статистикалык абалын түздөн-түз текшерүүгө мүмкүндүк берет.
Пайдалуу
Ссылкалар