Талды-Суу айылында Батыш Салиева атындагы балдар бакчасы ачылды.
Талды-Суу айылында Батыш Салиева атындагы балдар бакчасы ачылды Батыш Салиева 25 жыл Кыргыз ССРинин социалдык камсыздоо министри, 7 жыл республиканын профсоюздук кыймылын жетектеген. Дал ушул социалдык коргоо системасын калыптандырган, ал Кыргызстанда бүгүнкү күндө ийгиликтуу иштеп жатат.
Ал тарабынан бүткүл өлкө боюнча кары-картаңдар, чоңдор жана майыптыгы бар балдар үчүн интернаттык мекемелердин тармагы түзүлгөн, бүгүнкү күнгө чейин иштеп келе жаткан Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемеси ачылган.
Батыш Салиеванын колдосуунда СССРде биринчи онкологиялык борбор ачылган, ал азыркыга чейин дүйнөдөгү эң ири борборлордун бири болуп эсептелет.
Талды-Суу айылындагы жаны бала бакча 150 балага ылайыкталган.
Ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Түп районунун акими Каныбек Адиев ж. б. катышты.
2022-07-05