Ысык-Көл облусунда улгайган жарандар үчүн биринчи геронтологиялык кабинет ачылды

Бостери айылында жайгашкан “Кыргызское Взморье” санаторийинде Ысык – Көл областында биринчи геронтологиялык кабинеттин ачылышы болуп өттү.
Кабинет мамлекеттик социалдык заказ программасынын алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен “Бабушка Эдопшн” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ачылды.
Геронтологиялык кабинеттин негизги артыкчылыгы-улгайган жана картайган адамдардын абалын гериатриялык баалоо, тактап айтканда, бул көп өлчөмдүү, көп тармактуу диагностика.
Кабинеттин адистери бейтаптын физикалык жана функционалдык абалына, эс тутумуна, эмоционалдык абалына баа беришет, тамактануу маселелери боюнча кеңеш беришет.
Бул кабинет улгайган адамдар үчүн медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн кыйла кеңейтет.
Пайдалуу
Ссылкалар