«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2021 – жылдын I – жарым жылындагы иши тууралуу маалымат

Борбордун кызматкерлери күн сайын жана күнү-түнү 111 кыска номерине келип түшкөн чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге же консультация, же психологиялык жардам көрсөтөт. Кабыл алынган чыныгы суроолор – чалуулар (консультация алуу же жардам сураган суроолор) эсепке алышат, журналга каттап, аларга анкета толтурушат, бардык чалуулар жазылат.

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын I- жарым жылында  (январь – июнь) 54203 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 299 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 1546 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 382 же 24,7% жаш балдардан, ал эми 1164 же 75,3% чоң адамдардан). Анын ичинен 1177 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 141 абонентке психологиялык консультация берилди, 228 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

1546 чалуунун  ичинен эркектерден – 398 (же 25,7%), аялдардан – 1148 (же 74,3%), балдардан– 382: анын ичинен эркек балдардан – 124 (же 32,5%), кыздардан – 258 (же 67,5 %).

490 же 31,7% кайрылган абоненттердин ичинен көбү чоң адамдар социалдык жардам сурап чалган. Алар “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, майыптык, ДМЧ балдарды караган жеке ассистенттин кызмат акысын төлөө, камкорчусунан ажырагандыгы, кош бойлуулук жан төрөт боюнча, сөөк коюуга жөлөкпул, майыптарга берилүүчү жөлөкпулду көбөйтүү, бала асырап алуу, комкордукка алуу, кабыл алуучу уй-бүлө тууралуу консультация, үй-бүлөнү жана балдарды текшерүү, балдардын эмгегин колдонуу, кресло-коляска, ДМЧаларга дарыланууга санатордук-курорттук жолдомо алуу, протезди оңдоо жана алмаштыруу, баланы жана улгайган жаранды социалдык стационардык мекемеге (ССМ) орноштуруу, “Баатыр эне” наамы менен сыйлоо,  кыз ала качуу боюнча кайрылышкан.

192 абонент же 12,4% жардамга муктаж жарандар чалып, финансылык, гуманитардык  жардам, үй, психолог, юрист, психотерапевт таап берүү, үй-бүлөлүк зомбулук, адам сатуу тууралуу консультация,  паспорт, балага туулган тууралуу күбөлүк алуу, чек араны кесип өтүү, баланын жашаган жерин аныктоо, турак жай, адамды жана баланы издөө боюнча, Өзгөчө кырдаалдар жана 102 Кызматынын кызматкерлерин чакыруу, мамлекеттик мекеме жана башка уюмдардын даректерин сураган.

Кайрылуулардын үчүнчү позициясын 171 же 11,1% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук ата – энеси, өгөй атасы, эжеси, туугандары, теңтуштары, классташтары, жогорку класстын окуучусу, белгисиз аял, эркек, врач-массажист, борбордун тарбиялануучусу, мугалим, тарбиячы, кошунасы тарабынан көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган.

Психологиялык жабырлануудан 137 же 8,8% абонент, алардын ичинен 112 жаш балдар кайрылган. Алардын кайрылуусуна күнөөлүү сезими, тынчсыздануу, коркунуч, жалгыздык, эмоционалдык күйүп кетүү, таарыныч, ачуулануу, агрессия, кыжырдануу, апатия, дүрбөлөң, сүйгөндүк сезимдери, суицидалдык ойлор, ата-энесинин ашыкча коргоосу, алар тарабынан колдоонун жоктугу, ата-энелер ортосундагы ажырашуу жана чыр-чатактар, туугандары, достору, классташтары, класс жетекчиси менен өз ара келишпестиктер, өзүнө нааразы болуу, чечкинсиздик, өзүн төмөн баалоо жана өзүн өзү сыйлоонун жоктугу, жаман эскерүүлөр, капалануу, ажырашуу, досунун өлүмү, байкесинин куугунтуктоосу, досуна, эжесине, өткөн окуяга тынчсыздануу, ден соолугунун абалы, тандоодогу кыйынчылыктар себеп болгон.

144 же 9,3% абонент баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын болгон өз ара  мамилелери, атасы, апасы, чоң энеси, небереси, өгөй атасы, байкеси, группалаштары, классташтары, досу менен өз ара мамилеси жана түшүнбөстүктөрү, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү тууралуу консультация, окууга көңүл жоктугу, кызына, жээнине, досуна тынчсыздануу, балдардын укугу, баланы мотивациялоо, эротикалык киного кызыгуу, өзү жөнүндө аңгеме тууралуу чалуулар түшкөн.

72 же 4,7% абонент аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган (күйөөсү, атасы, туугандары, баласы, никеде турбаган күйөөсү, агасы, досу, классташы, кошунасынын күйөөсү, белгисиз эркек тарабынан, балдарды алып кетүүгө жардам сураган).

62 же 4,0% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине жана ишине нааразычылык билдирген (иш берүүчүгө, ЭСКММнин, РЭСКМБтын, ССМнин, МСЭКтин, РИИБдүн, ЖӨБИ, ИИМ, ӨКМ, КБ, айыл өкмөттүн, Софонддун, Кант ш. Мэриясына, депуттарга, банкка, Суу чарба департаментинин кызматкерлерине).

57 же 3,7% абонент «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун иши тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

Үй–бүлөлүк мамилелер бузулуп жана чыр–чатактар чыккандыгы тууралуу 54 же 3,5% абонент чалган. Буларга аял – күйөөлөрү, ата-энеси, туугандары, кызы менен өз ара түшүнбөстүктөр жана чыр–чатактар, баланы ата – энесинин бирөөсүнүн камкардугуна берүү, бала менен жолугууга тыюу салуу, алимент төлөбөгөндүк себеп болгон.

53 же 3,4% кайрылуу балдарга карата ата – эне тарабынан кайдыгер мамиле тууралуу болгон.

Билим берүү системасы боюнча 39 же 2,5% абонент чалып, мектеп администрациясынын ишине, мектептин директоруна, завучуна, мугалимге, тренерге арыздануу, мектепке, бала бакчага орноштуруудагы кыйынчылыктар, акча чогултуу, оффлайн окуу тууралуу маалымат, мектептеги буллинг тууралуу билдирген.

48 же 3,1% чалуулар ар кандай суроолор боюнча болгон (шантаж, соцтармактардагы коркутуу жана алдамчылык, мобилдик телефондун зыяндуулугу, баланс толтуруу, кабарланган чалууну жокко чыгаруу, документтерди жоготуу, жарандык алуу, КР Президентине кайрылуу, мобилдик телефондорду жаш балдарга сатпоо, жер тилкесин сатуу, курсташынын мамилесине нааразычылык, баланы уурдоо, банк операциялары тууралуу консультация, БҮИТ Борбордун кызматкерлерине, доктурларга ыраазыяылк жана куттуктоо, телефондук ойноолор.

17 же 1,0% абонент медициналык камсыз кылуу (доктурга, медайымга, аскер бөлүктүн медициналык кызматына арыздануу, ден соолугунун көйгөйү, РПДСБнан чыгаруу, 103 тез жардам кызматын чакыруу) боюнча чалган.

7 абонент же 0,5% мектептеги рэкет (жогорку класстын окуучулары тарабынан) тууралуу билдирген.

3 же 0,2% суицид  тууралуу чалган.

52657 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

228 кабарланган билдирүүнүн ичинен 190 же 83,3% – райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жан миграция башкармалыктарына (РШЭСКМБ) жөнөтүлдү,  36 же 15,8% – ички иштер органдарына, ӨКМ – 1 же 0,4%, саламаттык сактоо органдарына – 1 же 0,4% жөнөтүлгөн.

    Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан жыйынтыгы боюнча маалымат, жооп алып турат. 

Түшкөн 720 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек  шаарынан   –472 (же 30,5%;

– Чуй облусунан –228 (же 14,7%);

– Жалал – Абад облусунан – 134 (же 8,7%);

– Ош облусунан – 131 (же 8,5 %);

– Ысык – Көл облусунан – 95 (же 761%);

– Ош шаарынан – 63 (же 4,1%);

– Баткен облусунан – 54 (же 3,5%);

– Нарын облусунан –40 (же 2,6%);

– Талас облусунан – 38 (же 2,5%);

– анонимдерден – 291 (же 18,8%).

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

БҮИТ Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кайрылуулар боюнча 3 факты анык болуп, ал үй-бүлөлөр каттоо алынды, 22 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу 11 кайрылуу боюнча факты аныкталган, 2 бала убактылуу үй-бүлөсүнөн алынып, реабилитациялык борборго убактылуу жайгаштырылды, ал эми 7 факты аныкталган эмес, үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

50 үй-бүлөгө райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын кызматкерлери жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, үй-бүлөлөр менен балдарды кароо жана тарбиялоо, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө, төлөө, ошондой эле оор турмушка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык кызматтар жөнүндө консультациялар жана сунуштар берилди, кээ бир үй-бүлөлөр көзөмөлгө жана коштоого алынды.

Кайырчылык сураган тууралуу 4 факты аныкталган эмес, 1 факт аныкталган, ата – эне менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн кайрылуу боюнча 3 аял РШИИБ  арыз менен кайрылды, 1 коргоо ордери берилди, 2 факты боюнча жабыр тарткандар арыз жазышты, 1 факт соттун кароосуна жөнөтүлдү, 2 факты боюнча аялдар күйөөлөрүнө арыз жазгандан баш тартышты.

20 кайрылуулар каралууда.

2021 – жылдын I – жарым жылдыгында (1404 чалуу) түшкөн чалуулардын санын салыштырганда, 2022 – жылдын I – жарым жылдыгынын (1546 чалуу) деңгээлинде калган.

Пайдалуу
Ссылкалар