Россиялык компаниялар кыргызстандык кызматкерлерди социалдык гарантиялар менен камсыз кылууга даяр

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр Кудайберген Базарбаевдин Россиянын “Прайдекс”курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.
Москва жана Санкт – Петербург шаарларында жайгашкан компаниянын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия Федерациясында ишке орноштуруу үчүн кабыл алууга даяр экендигин билдиришти, ошол эле учурда татыктуу эмгек акы, социалдык пакет, юридикалык коргоо, турак жай жана тамак-аш менен камсыздоо кепилдик беришти.
“Кыргыз Республикасы Россия Федерациясы менен системалуу иштөөгө кызыкдар, биз эмгек миграциясы багытында кызматташуунун жаңы деңгээлине чыгууга ниеттенүүдөбүз.
Бүгүнкү талап жаңы шарттарды белгилейт.
Россиялык компаниялар бул шарттарды эске алып, биздин жарандарды жогорку кепилдиктер менен камсыз кылышат, өз кезегинде биз Россия Федерациясына иштөө үчүн жарандарды тандоону уюштурууга даярбыз”, – деди министр.
Россиялык делегациянын жетекчиси Руслан Феткрахманов кызматкерлерди сапаттуу жалдоо, аларды эмгек министрлигине караштуу көндүмдөрдү өнүктүрүү фондун тартуу менен окутуу жана Россия Федерациясында андан ары ишке орноштуруу максатында Кыргыз Республикасында өкүлчүлүктү ачууга кызыкдар экендигин билдирди.
Нет описания фото.
Пайдалуу
Ссылкалар