Талас облусунда “Элеттик жарандар” фестивалы өттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун “Улуттук салт жөнүндө” жана “Руханий-адеп-ахлактык өнүгүү жана дене тарбия жөнүндө” Жарлытарынын алкагында Талас шаарында “Элеттик жарандар”фестивалы өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаныл Алыбаева, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков, КР пенсионерлер коомунун жетекчиси Замира Шабданалиева жана башкалар катышты.
Бул иш-чаранын алкагында республиканын 7 облусун чагылдырган 200 катышуучу Талас облусунун облустук мамлекеттик администрациясынын имаратынан К.Медетбеков атындагы драма театрына чейин жөө жүрүш менен өтүштү.
Иш-чаранын катышуучулары улуттук тамактарды даярдоодо өздөрүнүн жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү, ошондой эле улуттук кол өнөрчүлүк буюмдарынын бет ачарын көрсөтүштү, иш-чаранын уюштуруучулары эң айырмалангандарга эстелик байгелерди, белектерди тапшырышты. Фестиваль маданий программа менен Манас Ордо комплексинин аймагында уланды.
Фестивалдын активдүү катышуучуларына эмгек министрлигинин атынан ыраазычылык каттар тапшырылды, пенсионерлер коомунун жетекчиси З.Шабданалиева Ардак грамота менен сыйланды.
Маалымат үчүн. Бул фестиваль республиканын бардык облустарында өткөрүлөт. Эстафета Ысык-Көл облусуна берилди.
Пайдалуу
Ссылкалар