Майыптыктын бар экендигин аныктаган медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын жетекчилиги 70% га жаңыртылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан медициналык-социалдык эксперттик комиссиялардын жетекчи курамы 70% жаңыланды, бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев жарым жылдык коллегиянын алкагында билдирди.
“Министрликтин системасында 27 медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) иштейт, алар майыптыктын бар экендигин аныктоо боюнча күбөлөндүрүүнү жана кайра күбөлөндүрүүнү жүргүзүшөт. Майыптыктын келип чыгышынын топторун, себептерин, мөөнөттөрүн аныктайт, реабилитациялоонун жекече программаларын иштеп чыгат. Сиз билгендей, комиссиялардын ишине нааразычылыктар көп болду, ошондуктан биз комиссиянын төрагаларын 70% жаңыладык.
Майыптык көйгөйлөрүн аныктоого жана чечүүгө болгон мамилени өзгөртүү боюнча максаттуу иш жүргүзүлүүдө. Биз МСЭК системасындагы коррупциялык тобокелдиктердин алдын алууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз”, – деди министр.
Коллегияда жыл башынан бери майыптык фактысын аныктоо боюнча күбөлөндүрүүдөн 22,2 миң адам өткөндүгү, бул 15,3%-2021 жылдын 6 айынданданда көп экендигин белгилейт. Ошондой эле майыптык фактысын аныктоо боюнча 8,2 миң бала күбөлөндүрүлдү, бул 2021-жылга салыштырмалуу 4,9% га көп.
МСЭКтин кызматкерлери тарабынан 7,5 миң өзгөчө балага жана 21,2 миң чоң кишиге реабилитациялоонун жеке пландары толтурулган.
Коллегиянын жүрүшүндө чоңдорду күбөлөндүрүүгө негизсиз жолдомолордун саны 22% га көбөйгөнү айтылды ал эми балдар-үч эсе.
Ошондой эле коомдук турмуштун ар кандай чөйрөлөрүндө майыптыгы бар адамдарды басмырлоону жоюу жана республиканын шаарларында жана айылдарында жеткиликтүү инфраструктураны түзүү максатында Министрлик тарабынан 2030-жылга чейин “жеткиликтүү өлкө” программасынын долбоору иштелип чыккан.
Министрлик бул программанын алкагында майыптарды күбөлөндүрүү жана андан ары реабилитациялоо жол-жоболорун эл аралык стандарттарга жана ченемдерге ылайык келтирүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.
Ошол эле учурда министр ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү же турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды, майыптыгы бар адамдарды, улгайган жарандарды жана калктын социалдык жактан аярлуу катмарынын башка өкүлдөрүн өнүктүрүүнүн натыйжаларына багыт алуу менен кызмат көрсөтүү стандарттарын кайра карап чыгуу боюнча секторлор аралык жумушчу топ түзүүнү тапшырды.
Пайдалуу
Ссылкалар