Жыл башынан бери 12 миң адам – эмгек иш менен камсыз болду

Ведомствонун жарым жылдык коллегиясынын алкагында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жыл башынан бери 6,9 миң адам жумушка орношконун (өткөн жылга салыштырмалуу 2,9% га өсүш), коомдук акы төлөнүүчү иштерге 7,9 миң адам жиберилгенин маалымдады, бул 5,1% га көп.
“Талдоо көрсөткөндөй, иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуздардын саны 4% га төмөндөгөн. Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду тарабынан окутуу/кайра окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кызматтар көрсөтүлөт. Комплекттелген 217 окуу тобунда республика боюнча 2,9 миң адам билим алып жатат”, – деп белгиледи министр.
Коллегияда жыл башынан бери республика боюнча расмий жумушсуздуктун деңгээли 0,2% га төмөндөп, 2,9% түздү деп айтылды.
Республикалык көрсөткүчтөн жогору көрсөткүч Баткен (6,5%) жана Жалал-Абад (4,8%) облустарында чагылдырылган. Расмий жумушсуздуктун республикалык деңгээлинен төмөн деңгээлде Бишкек шаарында (6,6 миң адам – 1,3%) жана Чүй облусунда (6,0 миң адам – 1,6%) белгиленген.
Иш менен камсыз кылуу кызматтарына билдирилген бош жумуш орундарынын саны 1,3% га көбөйүп, 10,1 миң бирдикти түздү, алардын ичинде жумушчу адистиктерге суроо-талап басымдуулук кылды. 4,6 миң жумуш орду талап кылынбай калган. Бир бош жумуш орунга 22 адам талапкер болгон, бул 2021-жылга караганда 26,7% аз.
Иш менен камсыз кылуу кызматына 88,0 миң адам кайрылган, алардын ичинен эмгек жана иш менен камсыз кылуу мыйзамдар жөнүндө, кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө консультация алышкан, кесибин тандоо боюнча 58,4 миң адам болду. Жумушсуздук боюнча жөлөк пулду 154 жаран алышат.
Министр аталган облустарда жумушсуздуктун себептерин аныктоо жана деңгээлин төмөндөтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү тапшырды. Ошондой эле Кудайберген Базарбаев бардык райондорго мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды ишке орноштуруу боюнча ишти күчөтүү тапшырмасын берди.
Возможно, это изображение 6 человек, люди сидят, люди стоят и в помещении
Пайдалуу
Ссылкалар