Кудайберген Базарбаев Чон-Алай районунда жашаган Памир кыргыздары менен жолугушту

Ошондой эле ведомствонун башчысы Памир кыргыздары үчүн шаарчаны кура турган жер тилкесин карап чыкты.
“Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун жана Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы боюнча келерки жылдын жазынан баштап курула турган шаарчага курууга бюджеттен дээрлик 300 млн сом бөлүнгөн. Айылга 70 га жер бөлүнгөн”, – деди ал.
Кудайберген Базарбаев айткандай, жакынкы 2-3 жылда Чон-Алай районуна 400 үй-бүлөнү же болжол менен 1,5 миң Памир кыргыздарын көчүрүү пландалууда..
2022-07-26