Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Алай районунун тургундарына социалдык контракт жөнүндө айтып берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Ош облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ош облусунун Алай районунун тургундары менен жолугушту.
“Социалдык контракт” долбоорунун алкагында пилоттук режимде Кадамжай районунда, Баткен облусунда (50) жана Нарын облусунун Жумгал районунда (50) социалдык жактан аялуу категориясына кирген 100 үй-бүлөгө 100 миң сом өлчөмүндө гранттык каражаттар акысыз берилди. 2022-жылдын февраль айынан баштап долбоордун катышуучулары киреше алып келүүчү бизнес-пландарды ийгиликтүү ишке ашырышты. Күнөсканалар курулуп, брусчаткаларды даярдоо башталды, автомобилдерди оңдоо боюнча станциялар ачылды, мал чарбачылыгы өнүгүүдө, өздүк чарбалар уюштурулду.
Жакында эле министрлер кабинетинин төрагасы Министр Акылбек Жапаров өзүнүн чечими менен социалдык келишимдин негизинде социалдык контракт көрсөтүү жөнүндө жобону бекитти. Кийинки жылдан баштап социалдык контракт бүткүл өлкө боюнча ишке киргизилет деп пландалууда. Биз
“үй-бүлөгө көмөк” алычуулардын арасында 2800 үй бүлөгө 100 мин сомдон бизнес баштаганга таратабыз, – деп маалымдады министр.
Жолугушууда Алай районунда 10,3 миң адам мамлекеттик жөлөк пул алат, анын ичинен 8,4 миңи аз камсыз болгон үй – бүлөлөрдүн балдары.
“Ушул жылдын 1-июнунунда КР Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровтун жарлыгына жараша “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул 50% көбөйтүлдү жана бир айга 810 сомдун ордуна 1200 сом түзөт, 2016 жылынан баштап бул биринчи жолу болду.
Ошондой эле чоңдорго жана майыптыгы бар балдарга, улгайган жарандарга, жетим балдарга, баатыр энелерге жеңилдиктер 30% дан 200% га чейин көтөрүлдү. Жалпысынан Алай районунун жашоочуларына жыл башынан бери бюджеттен 138 млн сомдон ашык акча төлөнгөн”, – деди Кудайберген Базарбаев.
Жолугушуудан кийин каалоочулар социалдык кызматтар боюнча пайда болгон маселелерди чечүү үчүн министрдин жеке кабыл алуусуна кире алышты. Бардык кайрылуулар көзөмөлгө алынды.
Ошондой эле Кудайберген Базарбаев Алай эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрүп, анда аз камсыз болгон жөлөкпулдардын даректүүлүгүн күчөтүү, социалдык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу, ДМЧА жана улгайган жарандарга ар кандай кызматтарды көрсөтүү тапшырмасын берди.
Пайдалуу
Ссылкалар