«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын август айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1 – 8 августуна чейин 2088 телефондон кайрылуу (же бир суткада 298 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 57 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 14 же 24,5% жаш балдардан, ал эми 43 же 75,5% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 44 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 4 абонентке психологиялык консультация берилди, 9 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып иш алып баруусу сунушталган.

57 чалуунун ичинен эркектерден – 14 (же 24,5%), аялдардан – 43 (же 75,5%), балдардан – 14: анын ичинен эркек балдардан – 4 (же 28,6%), кыздардан – 10 (же 71,4%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу  – 12;

– социалдык жардам сурап  – 11;

– үй бүлөлүк мамилелер жана чыр чатактар тууралуу  – 6;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 6;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 5;

– психологиялык жабырлануудан – 4;

– башка суроолор менен  – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн,ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 2;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу  – 1.

2031 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 13 (же 22,9%);

– Ош облусунан – 10 (же 17,5%);

– Чүй облусунан – 7 (же 12,3%);

– Ысык-Көл облусунан – 5 (же 8,8%);

– Ош шаарынан  – 4 (же 7,1%);

– Жалал-Абад  облусунан – 3 (же 5,3%);

– Нарын  облусунан – 1 (же 1,7%);

– Баткен облусунан – 1(же 1,7%);

– Талас облусунан – 1 (же 1,7%);

– анонимдерден – 12 (же 21,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар