«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын 7 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 7 айында (январь – июль) 63430 телефондон кайрылуу (же бир суткада 299 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 1827 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 456 же 25,0% жаш балдардан, ал эми 1371 же 75,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 1393 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 171 абонентке психологиялык консультация берилди, 263 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

1827 чалуунун ичинен эркектерден – 471 (же 25,8%), аялдардан – 1356 (же 74,2%), балдардан – 456 : анын ичинен эркек балдардан – 147 (же 32,2%), кыздардан – 309 (же 67,8%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 568;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 229;

–  балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 198;

– психологиялык жабырлануудан – 167;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 183;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 80;

– БҮИТ борбору тууралуу маалымат – 70;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип –69;

– үй- бүлөлүк мамилелер жана чыр- чатактар тууралуу –69;

– башка суроолор менен – 59;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 58;

– билим берүү системасы боюнча – 44;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 22;

– мектептеги рэкет тууралуу – 7;

– суицид тууралуу – 4.

61603 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 541 (же 29,6%);

– Чүй облусунан – 266 (же 14,5%);

– Жалал-Абад облусунан – 152 (же 8,3%);

– Ош облусунан – 168 (же 9,2%);

– Ысык- Көл облусунан – 122 (же 6,7%);

– Ош шаарынан – 77 (же 4,2%);

– Баткен облусунан –65 (же 3,6%);

– Нарын облусунан –51 (же 2,8%);

– Талас облусунан – 44 (же 2,4%);

– анонимдерден – 341 (же 18,7%).

Пайдалуу
Ссылкалар