Эмгек министрлиги балдар үчүн реабилитациялык борборлорду курууну көздөп жатат

Кыргызстанда 200 миңдей майып жарандар жашайт, алардын ичинен 35 миңи – 18 жашка чейинки балдар.
Ошол эле учурда, өлкөдө майыптыгы бар бардык жарандарды реабилитациялык кызматтар менен толук камсыз кылуу кыйынчылыгы бар.
Ошол себептен мамлекеттин карамагына өткөн Жибек – Жолу проспектисинин 519 жана 521 дарегинде жайгашкан экс Президент Бакиев Курманбек Салиевичтин жана Кой – Таш айылында жайгашкан экс Президент Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин үйлөрүндө күнү-түнү балдарды реабилитациялык борборлору ачылуусу пландалып жатат.
Аларда нерв системасынын, таяныч – кыймыл аппаратынын же психикалык жана жүрүм-турум бузулуулары бар сезүү органдарынын майып оорулары бар балдар дарылана алышат.
Кичинекей бейтаптар физикалык жана психологиялык ден-соолукту калыбына келтиришет.
Пайдалуу
Ссылкалар