Эмгек министирлиги эл аралык мамилелерди өнүктүрүүдө

Аялзатын сыйлаган коомдо үй-бүлөдө бейпилдик, өлкөдө өнүгүү. Элдик дипломатияны жана гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөдө аялдардын өзгөчө ролун даңазалаган, тез өзгөргөн технологиялык коомдо ишкер аялдардын бирдиктүү өнүгүү стратегиясын түзүү максатын көздөгөн 18-19-августта Ташкент шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин IV Аялдар форуму өтүүдө. Форумга КР Жогорку Кеңешинин Вице-спикери Ж.Исаева, КР Жогорку Сотунун төрагасынын орун басары Н.Бакирова, КР Соода өнөр жай палатасынын кеңешинин Борбордук Азия Аялдар лигасынын төрагасы А. Атабекова, КР ЖК социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы В.Райымбачаева, КР эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ж.Алыбаева ж.б. катышып жатышат.
Форумда аялдар ишкерлигинин мамлекетти өнүктүрүүдөгү ролуна, аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө басым жасалууда. Форумда адам мамилери татаалдашкан доордо аялдардын, кыздардын укугун, эркиндигин камсыз кылууга жетүү; “шанхай духунда” аялдар кыймылынын жаратмандык потенциалын мындан ары чыңдоо; гендерлик теңдик жана аялдарды колдоону камсыз кылууга байланышкан көйгөйлөр спектринин алкагында эл аралык коомчулуктун күчүн бириктирүү; коомдук архитектураны бекемдөө; мамлекеттик башкарууга активдүү катышуу ж.б.у.с. бир катар маселелер козголду.
БУУнун Гендердик теңчилик Туруктуу өнүгүү глобалдык максатттарына жана Пекин декларациясынын жоболоруна жетүүгө ШКУга мүчө мамлекеттер биргелешкен аракеттерди жылдырууга даяр экендигин билдиришүүдө. Аялдар лидерлиги, аялдар ишкерлиги, аялдар теңчилиги дүйнөдө тынчтыкты сактоого, элдердин бекем достугуна, экономикалык бакубаттыкка жетишүүгө түздөн-түз чоң салым кошот деп ишенебиз. ШКУ өлкөлөрүнүн Аялдар форуму 2018-жылы Пекинде, 2019-жылы Бишкекте, 2021-Дүйшөмбүдө өткөн.
Пайдалуу
Ссылкалар