Эмгек министри Кудайберген Базарбаев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жөө жүрүшүн баштады

 19-августта Чолпон-Ата шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жөө жүрүшү башталды.
Жөө жүрүштүн ачылышында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев белгилегендей, бүгүнкү күндө өлкөдө 200 миңге жакын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт, анын 35 миңи 18 жашка чейинки балдар.
«Бүгүнкү күндө бул категориядагы жарандарга максималдуу көңүл бурулууда. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана чоңдорго жөлөкпулдарды эки эсеге көбөйттү. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жөлөкпул 50%га жогорулады.
2021-жылдын 1-декабрынан тартып ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды багуу боюнча жеке жардамчылар айына 6300 сомдон алышат. Бул кызматты 8,5 миң бала алып жатат. 2022-жылдын 1-июнунан тартып I топтогу бала кезинен майыптыгы бар (18 жаштан жогору, сырттан дайыма камкордукка жана көзөмөлгө муктаж) адамдар үчүн жеке жардамчы кызматтары жеткиликтүү болуп калды.
Мамлекеттик реабилитациялык борборлордун курулушу башталды. Чоңдор жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар бейөкмөт уюмдардан ар кандай реабилитациялык кызматтарды алышат, аларга Министрлик мамлекеттик социалдык заказ аркылуу каражат бөлөт», – деп айтып берди Министр.
Жөө жүрүш «Теңдик» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин союзунун демилгеси менен “Бизсиз биз үчүн эч нерсе!” деген ураандын алдында өтүүдө.
Ага 40ка жакын адам катышууда. Алар Чолпон-Атадан Караколго чейин 135 чакырым жол басып өтүшөт. Жөө жүрүштүн максаты – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга карата калыптанып калган эски көз карашты жана ДМЧАдын физикалык, психо-эмоционалдык жабыркоосунан коомдо калыптанып калган (белги, так) көз карашты (стигма) азайтуу.
Пайдалуу
Ссылкалар