Эмгек министрлиги жайкы эс алууга кезектеги балдар тобун жөнөттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин линиясы боюнча бүгүн 20 – августта 123 баладан турган топ Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан “Улан” Балдардын ден соолукту чыңдоо борборуна жайкы эс алууга жөнөштү.
Бул апатада министирлик балдарга жардам көрсөтүүгө адистешкен өкмөттүк эмес уюмдардын тизмелеринде турган майыптыгы бар балдар, жетим балдар, ата-энесинин камкордугусуз калган жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн жайкы эс алууну уюштурду.
Эртең 22-августта ден соолукту чыңдоо борборуна дагы 28 бала барат, жалпысынан жай мезгилинде эмгек министрлиги Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын атынан чыккан 448 бала үчүн эс алууну уюштурду.
Пайдалуу
Ссылкалар