«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын август айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 15- 22 августуна чейин 1647  телефондон кайрылуу (же бир суткада 235 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 55 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 11 же 20,0% жаш балдардан, ал эми 44 же 80,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 32 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 11 абонентке психологиялык консультация берилди, 12 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып иш алып баруусу сунушталган.

55 чалуунун ичинен эркектерден – 9 (же 16,4%), аялдардан – 46 (же 83,6%), балдардан – 11: анын ичинен эркек балдардан – 3 (же 27,3%), кыздардан – 8 (же 72,7%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– психологиялык жабырлануудан  – 11;

– социалдык жардам сурап  – 10;

– балдарга карата  ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 8;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу – 5;

– башка суроолор менен – 5;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 4;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн,ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип  – 4;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– үй-бүлөлүк  мамилелер жана чыр- чатактар тууралуу  – 2;

– билим берүү системасы боюнча  – 1.

 1592 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 14 (же 25,5%);

– Чүй облусунан – 17 (же 30,9%);

– Ош облусунан – 4 (же 7,3);

– Ыссык-Көл облусунан – 4 (же 7,3%);

– Талас облусунан – 2 (же 3,6%);

– Жалал-Абад облусунан   – 1 (же 1,8%);

– Баткен   облусунан – 1 (же 1,8%);

– Ош шаарынан – 1 (же 1,8%);

– Нарын  облусунан – 1(же 1,8%);

– анонимдерден – 10 (же 18,2%).

Пайдалуу
Ссылкалар