«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын август айынын төртүнчү жумасынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 22 – 31августуна чейин 2491  телефондон кайрылуу (же бир суткада 249 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 67 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 25 же 37,4% жаш балдардан, ал эми 42 же 62,6% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 49 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 9 абонентке психологиялык консультация берилди, 9 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып иш алып баруусу сунушталган.

67 чалуунун ичинен эркектерден – 16 (же 24,0%), аялдардан – 51 (же 76,0%), балдардан – 25 : анын ичинен эркек балдардан – 6 (же 24%), кыздардан – 19 (же 76%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап  – 13;

– балдарды тарбиялоо, анын журум-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу  – 10;

– психологиялык жабырлануудан – 6;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр- чатактар тууралуу  – 6;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

– БУИТ борбору тууралуу маалымат – 5;

– билим берүү системасы – 5;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4.

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу – 3;

– башка суроолор менен – 3;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн,ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип  – 3;

2424 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 21 (же 31,3%);

– Чүй облусунан – 13 (же 19,4%);

– Жалал-Абад облусунан   – 5 (же 7,5%);

– Ыссык-Көл облусунан – 4 (же 5,9%);

– Нарын  облусунан – 4 (же 6,0%);

– Ош шаарынан – 3 (же 4,5%);

– Ош облусунан – 2 (же 3,0%);

– Баткен облусунан – 1 (же 1,4%);

– анонимдерден – 14 (же 20,9%).

Пайдалуу
Ссылкалар