«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын 8 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын жылдын 8  айында (январь-август) 71532 телефондон кайрылуу (же бир суткада 294 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 2071 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 521 же 25,2% жаш балдардан, ал эми 1550 же 74,8% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 1567 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 202 абонентке психологиялык консультация берилди, 302 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

2071 чалуунун ичинен эркектерден – 537 (же 26,0%), аялдардан – 1534 (же 74,0%), балдардан – 521: анын ичинен эркек балдардан – 166 (же 32,0%), кыздардан – 355 (же 68,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 624;

– финансылык, гуманитардык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 258;

–  балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 220;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 211;

– психологиялык жабырлануудан – 198;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 92;

 – үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 84;

– БҮИТ борборунун иши тууралуу маалымат – 81;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 79;

– башка суроолор менен – 72;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 67;

– билим берүү системасы боюнча – 51;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 23;

– мектептеги рэкет тууралуу – 7;

– суицид тууралуу – 4.

69461 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 608 (же 29,4%);

– Чүй облусунан – 314 (же 15,2 %);

– Ош облусунан – 189 (же 9,2%);

– Жалал-Абад облусунан – 168 (же 8,1%);

– Ысык- Көл облусунан – 140 (же 6,7%);

– Ош шаарынан – 88 (же 4,2%);

– Баткен облусунан – 73 (же 3,5 %);

– Нарын облусунан – 58 (же 2,8%);

– Талас облусунан – 49 (же 2,4 %);

– анонимдерден – 384 (же 18,5%).

Пайдалуу
Ссылкалар