«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын сентябрь айынын үчүнчү жумасына иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 15 – 22 сентябрына чейин  1783 телефондон кайрылуу (же бир суткада 254 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 54 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 15 же 27,8% жаш балдардан, ал эми 39 же 72,2% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 33 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 9 абонентке психологиялык консультация берилди, 12 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

54 чалуунун ичинен эркектерден – 18 (же 33,0%), аялдардан – 36 (же 67,0%), балдардан – 15: анын ичинен эркек балдардан – 9 (же 60,0%), кыздардан – 6 (же 40,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 17;

– психологиялык жабырлануудан – 9;

 –  балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын

мамилелери тууралуу – 5;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу  – 4;

– үй-булөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 4;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу  – 3;

– финансылык, гуманитардык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу  – 3;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 1;

– башка суроолор менен – 1;

-БҮИТ борборунун иши тууралуу маалымат  – 1.

1729 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 15 (же 27,7%);

– Чүй облусунан – 9 (же 16,7 %);

– Ош облусунан – 8 (же 14,8%);

– Ош шаарынан – 4 (же 7,4%);

– Жалал-Абад облусунан – 3 (же 5,6%);

– Талас  облусунан – 3 (же 5,6%);

– Баткен облусунан – 2 (же 3,7 %);

– Ыссык-Көль облусунан – 1 (же 1,8%);

– анонимдерден – 9 (же 16,7%).

Пайдалуу
Ссылкалар