Эмгек министрлиги жана “Аялдардын кенеши” коомдук бирикмеси аялдардын жана балдардын укуктарын биргелешип коргойт

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана “Аялдардын кеңеши” коомдук бирикмеси кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Салтанаттуу кол коюу бүгүн, 30-августта министрликте болуп өттү.
Бул документ өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныктайт, атап айтканда балдардын, аялдардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо, коомдук-саясий турмушта аялдардын ролун, статусун жогорулатуу боюнча.
Кол коюуга Эмгек министри Кудайберген Базарбаев, “Аялдар Кеңеши” бирикмесинин төрагасы, Жогорку Кеңештин VI чакырылыштын депутаты Айнура Алтыбаева, “Аялдар Кеңеши” бирикмесинин тең төрагасы, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Менди Мамазирова, “Аялдар Кеңеши” бирикмесинин төрагасынын орун басарлары Дарика Картанбаева жана балдар жазуучусу, Тоголок Молдо премиясынын лауреаты Жылдыз Акаева катышты.
Кудайберген Базарбаевдин айтымында, мамлекеттин башкы милдеттеринин бири ата-энелерге ар тараптуу колдоо көрсөтүү, үй-бүлөнүн бүтүндүгүнө кам көрүү болуп саналат.
“Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров бекиткен инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу Концепцияда айтылат. Ата-энелердин ар бири балдарын үлгүлүү жүрүм-туруму, камкордугу жана көңүл буруусу менен тарбиялоосу маанилүү. Мамлекет да, жарандык коом да иштин абалын биргелешип өзгөртүшү керек”, – деди ал.
Пайдалуу
Ссылкалар