Ысык-Көл областындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн 50 баласына форма жана окуу куралдары берилди
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өнөктөш уюмдар менен биргеликте аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына белектерди тапшырды.
Ысык-Көл облусунун 50 баласы Эгемендик күнүнө жана Билим күнүнө карата белек катары мектеп формасын, рюкзактарды, бут кийимдерди, канцелярдык буюмдарды алышты.
Республика боюнча эмгек министрлиги жалпысынан 400 баланы форма жана мектеп буюмдары менен камсыз кылды.
2022-09-28