«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын 22- сентябрынан 1- октябрына чейинки иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 22-сентябрынан 1- октябрына чейин  2061 телефондон кайрылуу (же бир суткада 229 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 56 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 17 же 30,4% жаш балдардан, ал эми 39 же 69,6% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 45 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 1 абонентке психологиялык консультация берилди, 10 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

56 чалуунун ичинен эркектерден – 11 (же 19,6%), аялдардан – 45 (же 80,4%), балдардан – 17: анын ичинен эркек балдардан – 3 (же 17,6%), кыздардан – 14 (же 82,4%).

 Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 12;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 11;

– финансылык, гуманитардык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 6;

– билим берүү системасы боюнча – 6;

–  балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– БҮИТ борборунун иши тууралуу маалымат – 4;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 4;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 4;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– башка суроолор менен – 1.

2005 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 18 (же 32,1%);

– Чүй облусунан – 9 (же 16,0%);

– Ош облусунан – 6 (же 10,7%);

– Ош шаарынан – 5 (же 9,0 %);

– Ысык- Көл облусунан – 4 (же 7,1%);

– Нарын облусунан – 2 (же 3,6%);

– Баткен облусунан – 2 (же 3,6 %);

– Жалал-Абад облусунан – 1 (же 1,8%);

– анонимдерден – 9 (же 16,0%).

Пайдалуу
Ссылкалар