«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын сентябрь айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын сентябрь айында 7518 телефондон кайрылуу (же бир суткада 250 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 227 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 56 же 24,6% жаш балдардан, ал эми 171 же 75,4% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 175 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 19 абонентке психологиялык консультация берилди, 33 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

227 чалуунун ичинен эркектерден – 61 (же 26,9%), аялдардан – 166 (же 73,1%), балдардан – 56: анын ичинен эркек балдардан – 19 (же 34,0%), кыздардан – 37 (же 66,0%).

 Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап –71;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 25;

–  балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 21;

– финансылык, гуманитардык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 20;

– психологиялык жабырлануудан – 17;

– БҮИТ борборунун иши тууралуу маалымат – 12;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 10;

– билим берүү системасы боюнча – 10;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 10;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 9;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу- 8;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 7;

– башка суроолор менен – 7.

7291 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –64 (же 28,2%);

– Чүй облусунан – 35 (же 15,4%);

– Ош облусунан – 32 (же 14,1%);

– Жалал-Абад облусунан – 18 (же 8,0%);

– Ош шаарынан – 14 (же 6,2%);

– Баткен облусунан – 11 (же 4,8%);

– Ысык- Көл облусунан – 10 (же 4,4%);

-Талас облусунан- 5 (же 2,2%)

– Нарын облусунан – 3 (же 1,3%);

– анонимдерден – 35 (же 15,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар