«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын октябрь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1 – 8 октябрына чейин 1797 телефондон кайрылуу (же бир суткада 256 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 59 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 18 же 30,5% жаш балдардан, ал эми 41 же 69,5% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 45 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 6 абонентке психологиялык консультация берилди, 8 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

59 чалуунун ичинен эркектерден – 17 (же 28,8%), аялдардан – 42 (же 71,2%), балдардан – 18: анын ичинен эркек балдардан – 4 (же 22,2%), кыздардан – 14 (же 77,8%).

 Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 18;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 11;

– финансылык, гуманитардык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 7;

–  балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

– башка суроолор менен – 4;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 3;

– психологиялык жабырлануудан – 2;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 2;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 2;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 2;

– мектептеги рэкет тууралуу – 1;

– БҮИТ борборунун иши тууралуу маалымат – 1.

1738 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 14 (же 23,7%);

– Чүй облусунан – 11 (же 18,6%);

– Баткен облусунан – 7 (же 11,9 %);

– Ысык- Көл облусунан – 5 (же 8,5%);

– Ош облусунан – 3 (же 5,1%);

– Талас облусунан – 3 (же 5,1%);

– Жалал-Абад облусунан – 3 (же 5,1%);

– Ош шаарынан – 2 (же 3,4 %);

– анонимдерден – 11 (же 18,6%).

Пайдалуу
Ссылкалар