Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кытайдын мамлекеттик ишмери Дэн Сяопиндин жакырчылыкка каршы күрөшүү ыкмаларын колдонууну көздөп жатат

Бул тууралуу министр Кудайберген Базарбаев маалымат жыйынында билдирди.
“Улуу Кытай реформатору Дэн Сяопин ар кандай стимулдаштыруучу чаралар аркылуу жакыр адамдардын арасында жакырчылык менен күрөшкөн. Биз дагы анын жолуна түшүп, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2800 үй-бүлөнү камтыдык, бул ар бир райондо 50 үй-бүлөнү түзөт. Аларга өз ишин баштоо үчүн 100 000 сом өлчөмүндө грант бердик, ал үчүн бюджеттен 291 миллион сом бөлүндү. Мунун баары Президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен болуп жатат”, – деди министр.
Ал эми келерки жылы бул программа өлкө боюнча 10 000 аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү камтыйт.
“Алардын ар бири, бизнести баштоо менен, жөлөк пул алуучудан жумуш орундарын түзүүчүгө айланат. Биз жакырчылыкты бирге жеңебиз”, – деп кошумчалады Базарбаев.
Пайдалуу
Ссылкалар