«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын 9 айындагы иши тууралуу маалымат

Борбордун кызматкерлери күн сайын жана күнү-түнү 111 кыска номерине келип түшкөн чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге же консультация, же психологиялык жардам көрсөтөт. Кабыл алынган максаттуу чалууларды (консультация алуу же жардам сураган суроолор) эсепке алышат, журналга каттап, аларга анкета толтурушат, бардык чалуулар жазылат.

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 9 айында  (январь – сентябрь) 79050 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 289 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 2298 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 577 же 25,0% жаш балдардан, ал эми 1721 же 75,0% чоң адамдардан). Анын ичинен 1742 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 221 абонентке психологиялык консультация берилди, 335 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

2298 чалуунун  ичинен эркектерден – 598 (же 26,0%), аялдардан – 1700 (же 74,0%), балдардан– 577: анын ичинен эркек балдардан – 185 (же 32,0%), кыздардан – 392 (же 68,0 %).

695 же 30,2% кайрылган абоненттердин ичинен көбү чоң адамдар социалдык жардам сурап чалган. Алар “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, майыптык, жеке ассистенттин кызмат акысын төлөө, камкорчусунан ажырагандыгы, кош бойлуулук жан төрөт боюнча, сөөк коюуга жөлөкпул, майыптарга берилүүчү жөлөкпулду көбөйтүү, бала асырап алуу, комкордукка алуу, кабыл алуучу (фостердик) үй-бүлө тууралуу консультация, үй-бүлөнү жана балдарды текшерүү, балдардын эмгегин колдонуу, кресло-коляска, ДМЧаларга дарыланууга санатордук-курорттук жолдомо алуу, протезди оңдоо жана алмаштыруу, баланы жана улгайган жаранды социалдык стационардык мекемеге (ССМ), убактылуу борборго орноштуруу, “Баатыр эне” наамы менен сыйлоо тууралуу кайрылышкан.

278 абонент же 12,1% жардамга муктаж жарандар чалып, финансылык, гуманитардык, юридикалык, үй, юрист, психолог, психотерапевт таап берүү, үй-бүлөлүк зомбулук, адам сатуу тууралуу консультация,  паспорт, балага туулган тууралуу күбөлүк алуу, чек араны кесип өтүү, баланын жашаган жерин аныктоо, турак жай, адамды жана баланы издөө боюнча, Өзгөчө кырдаалдар жана 102 Кызматынын кызматкерлерин чакыруу, гумжардам берүү сунушу, апасы менен байланышуу, мамлекеттик мекеме жана башка уюмдардын даректерин сураган.

Кайрылуулардын үчүнчү позициясын 241 же 10,5% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук ата – энеси, өгөй атасы, эжеси, туугандары, теңтуштары, классташтары, жогорку класстын окуучусу, кошунасы, белгисиз аял, эркек, врач-массажист, борбордун тарбиялануучусу, мугалим, тарбиячысы тарабынан көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган.

236 же 10,3% абонент баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, ата – эне менен балдардын болгон өз ара  мамилелери, атасы, апасы, чоң энеси, небереси, өгөй атасы, байкеси, группалаштары, классташтары, досу менен өз ара мамилелери жана түшүнбөстүктөрү, окууга көңүл жоктугу, кызына, жээнине, досуна тынчсыздануу, балдардын укугу, баланы мотивациялоо, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү тууралуу консультация, эротикалык киного кызыгуу, өзү жөнүндө аңгеме тууралуу чалуулар түшкөн.

Психологиялык жабырлануудан 215 же 9,4% абонент, алардын ичинен 169 жаш балдар кайрылган. Алардын кайрылуусуна күнөөлүү сезими, тынчсыздануу, коркунуч, жалгыздык, эмоционалдык күйүп кетүү, таарыныч, ачуулануу, агрессия, кыжырдануу, депрессия, апатия, сүйгөндүк сезимдери, суицидалдык ойлор, ата-энесинин ашыкча коргоосу, алар тарабынан колдоонун жоктугу, ата-энелер ортосундагы ажырашуу жана чыр-чатактар, туугандары, достору, классташтары, класс жетекчиси менен өз ара келишпестиктер, өзүнө нааразы болуу, чечкинсиздик, өзүн төмөн баалоо жана өзүн өзү сыйлоонун жоктугу, жаман эскерүүлөр, капалануу, ажырашуу, ден соолугунун абалы, тандоодогу кыйынчылыктар, байкесинин куугунтуктоосу, аутоагрессия, досунун өлүмү, өткөн окуяга, досуна, эжесине тынчсыздануу себеп болгон.

100 же 4,4% абонент аялдарга карата үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөнү тууралуу кабарлаган (күйөөсү, атасы, туугандары, баласы, никеде турбаган күйөөсү, агасы, досу, классташы, кошунасынын күйөөсү, белгисиз эркек тарабынан, балдарды алып кетүүгө жардам, кыз ала качуу боюнча консультация сурашкан).

Үй–бүлөлүк мамилелер бузулуп жана чыр–чатактар чыккандыгы тууралуу 93 же 4,0% абонент чалган. Буларга аял – күйөөлөрү, ата-энеси, туугандары, кызы менен өз ара түшүнбөстүктөр жана чыр–чатактар, баланы ата – энесинин бирөөсүнүн камкордугуна берүү, бала менен жолугууга тыюу салуу, алимент төлөбөгөндүк себеп болгон.

93 же 4,0% абонент «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун иши тууралуу маалымат алуу үчүн кайрылган.

89 же 3,9% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине жана ишине нааразычылык билдирген (ЭСКММнин, РЭСКМБтын, ССМнин, МСЭКтин, РИИБдүн, ЖӨБИ, ИИМ, ӨКМ, КБ, айыл өкмөттүн, Софонддун, Кант ш. Мэриясына, депуттарга, банкка, Суу чарба департаментинин кызматкерлерине, иш берүүчүгө).

79 же 3,4% чалуулар ар кандай суроолор боюнча болгон (кошунасына, шантаж, соцтармактардагы коркутуу жана алдамчылык, мобилдик телефондун зыяндуулугу, мобилдик телефондорду жаш балдарга сатпоо, баланс толтуруу, кабарланган чалууну жокко чыгаруу, документтерди жоготуу, жарандык алуу, КР Президентине кайрылуу, жер тилкесин сатуу, курсташынын мамилесине нааразычылык, баланы уурдоо, банк операциялары тууралуу консультация, БҮИТ Борбордун кызматкерлерине, доктурларга ыраазычылык жана куттуктоо, өзү жөнүндө аңгеме, чалган абоненттин дарегин алуу, РИИБ кайрылууну катоого алуу тууралуу, телефондук ойноолор).

74 же 3,2% кайрылуу балдарга карата ата – эне, белгисиз эркек тарабынан кайдыгер мамиле тууралуу болгон.

Билим берүү системасы боюнча 61 же 2,6% абонент чалып, мектеп администрациясынын ишине, мектептин директоруна, завучуна, мугалимге, тренерге арыздануу, мектепке, бала бакчага, аскер колледжине  орноштуруудагы кыйынчылыктар, акча чогултуу, мектептеги буллинг, оффлайн окуу тууралуу маалымат, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө жүргөн учурда мугалимди ишке алуу тууралуу билдирген.

33 же 1,4% абонент медициналык камсыз кылуу (доктурга, медайымга, аскер бөлүктүн медициналык кызматына арыздануу, ден соолугунун көйгөйү, РПДСБнан чыгаруу, 103 тез жардам кызматын чакыруу) боюнча чалган.

7 абонент же 0,3% мектептеги рэкет (жогорку класстын окуучулары тарабынан) тууралуу билдирген.

4 же 0,2% суицид  тууралуу чалган.

76752 абонент номерди туура эмес тергенде, мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматын сурап жаңылып чалгандар.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

335 кабарланган билдирүүнүн ичинен 275 же 82,1% – райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жан миграция башкармалыктарына (РШЭСКМБ) жөнөтүлдү,  57 же 17,0% – ички иштер органдарына, ӨКМ – 1 же 0,3%, саламаттык сактоо органдарына – 1 же 0,3%, кризистик борборго -1 же 0,3% жөнөтүлгөн.

    Бул мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай өз ара иш алып барат, алардын жыйынтыгы боюнча аймактык органдардан жыйынтыгы боюнча маалымат, жооп алып турат. 

Түшкөн 2298 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек  шаарынан   –672 (же 29,2%;

– Чуй облусунан –349 (же 15,2%);

– Ош облусунан – 221 (же 9,6 %);

– Жалал – Абад облусунан – 186 (же 8,1%);

– Ысык – Көл облусунан – 150 (же 6,5%);

– Ош шаарынан – 102 (же 4,4%);

– Баткен облусунан – 84 (же 3,7%);

– Нарын облусунан –61 (же 2,7%);

– Талас облусунан – 54 (же 2,3%);

– анонимдерден – 419 (же 18,2%).

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

БҮИТ Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кабарланган 117 кайрылунунун ичинен 26 факты анык болуп, ал үй-бүлөлөр каттоо алынган, 59 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу кабарланган 41 кайрылуунун ичинен 8 факты аныкталган (7 бала убактылуу үй-бүлөсүнөн алынып, реабилитациялык борборго жайгаштырылган) ал эми 23 факты аныкталган эмес, үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Кайырчылык сураган тууралуу 4 факты аныкталган эмес, 1 факт аныкталган, ата – эне менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу 28 кайрылуунун ичинен 15 факты аныкталган,  үй-бүлөлөр каттоого алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 3 коргоо ордери берилген, 2 факты боюнча жабыр тарткандар арыз жазышкан, 1 факт соттун кароосуна жөнөтүлгөн, 7 факты боюнча аялдар күйөөлөрүнө арыз жазгандан баш тартышкан, 3 факты аныкталган эмес.

120 үй-бүлөгө райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын кызматкерлери жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, үй-бүлөлөр менен балдарды кароо жана тарбиялоо, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө, төлөө, ошондой эле оор турмушка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык кызматтар жөнүндө консультациялар жана сунуштар берилген, кээ бир үй-бүлөлөр көзөмөлгө жана коштоого алынган.

2022 – жылдын 9 айында (2298 чалуу) түшкөн чалуулардын санын 2021 – жылдын 9 айы (1960 чалуу) менен салыштырганда, чалуулар 15% өскөн.

Пайдалуу
Ссылкалар