«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын октябрь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 8 – 15- октябрына чейин 1668 телефондон кайрылуу (же бир суткада 238 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 72 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 24 же 33,3% жаш балдардан, ал эми 48 же 66,7% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 51 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 12 абонентке психологиялык консультация берилди, 9 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

72 чалуунун ичинен эркектерден – 17 (же 23,6%), аялдардан – 55 (же 76,4%), балдардан – 24: анын ичинен эркек балдардан – 7 (же 29,2%), кыздардан – 17 (же 70,8%).

 Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

 – социалдык жардам сурап – 20;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 13;

– психологиялык жабырлануудан – 10;

– финансылык, гуманитардык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 7;

–  балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 6;

– БҮИТ борборунун иши тууралуу маалымат – 6;

– билим берүү системасы боюнча – 4;

– башка суроолор менен – 3;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 1;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 1.

1596 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 22 (же 30,5%);

– Чүй облусунан – 9 (же 12,5%);

– Жалал-Абад облусунан – 8 (же 11,1%);

– Ош шаарынан – 6 (же 8,3 %);

– Ысык- Көл облусунан – 4 (же 5,6%);

– Ош облусунан – 4 (же 5,6%);

– Талас облусунан – 3 (же 4,2%);

– Баткен облусунан – 1 (же 1,4 %);

– Нарын облусунан – 1 (же 1,4%);

– анонимдерден – 14 (же 19,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар