«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

 «Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 15–22 – октябрына чейин 2098 телефондон кайрылуу (же бир суткада 299 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 52 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 12 же 23,0% жаш балдардан, ал эми 40 же 77,0% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 33 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 11 абонентке психологиялык консультация берилди, 8  кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

52 чалуунун ичинен эркектерден – 8 (же 15,3 %), аялдардан –44 (же 84,7%), балдардан – 12: анын ичинен эркек балдардан – 1 (же 8,3%), кыздардан – 11 (же 91,7%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– психологиялык жабырлануудан – 8;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу –8;

– социалдык жардам сурап –8;

– үй- бүлөлүк мамилелер жана чыр- чатактар тууралуу – 7;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 5;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 3;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип –3; 

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 2;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– башка суроолор менен – 1.

2046 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу, бирдик жүктөө боюнча, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан –22 (же 42,3%);

– Чүй облусунан – 7 (же 13,5%);

– Ош облусунан – 5 (же 9,6%);

– Жалал- Абад облусунан – 4 (же 7,7%);

– Ош шаарынан – 3 (же 5,8%);

– Ысык-Көл облусунан – 1 (же 1,9%);

– Нарын облусунан – 1 (же 1,9%);

– Баткен облусунан –1 (же 1,9%);  

– анонимдерден – 8 (же 15,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар