Эмгек министрлиги Ош шаарындагы иш берүүчулөрдун башын бириктирип 600гө жакын жумуш орундарды сунуштады
18-октябрда КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги республика боюнча бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкесин өткөрдү. Бул иш-чара Ош шаарында дагы Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) “Иш менен камсыз кылууга жана кесиптик окутууга көмөк көрсөтүү” кыргыз-герман долбоорунун колдоосу менен жогорку деңгээлде уюштурулду. Жарманкеде 50дөн ашуун ишкана, ошондой эле жогорку жана орто кесиптик окуу жайлар чакырылып, анда өнөр жай, курулуш, тейлөө, туризм жана консалтинг тармагындагы 600гө жакын бош иш орундар сунушталды.
Жарманкени КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрнин орун басары Жылдыз Полотова ачып – “Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жумушсуздукту жоюу жана социалдык саясатта активдүү иш-чараларды биргеликте күчөтүсүү зарыл. Ошол себептен бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкесин өткөрүүдөбүз. Бүгүн жумуш табууну көздөгөн жарандарыбыз, айрыкча жаштарыбыз үчүн жакшы аянтча, мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат” – деди ал.
Ошондой эле, министрдин орун басары бүтүрүүчү класстардын окучуулары үчүн кесиптик багыт берүү боюнча тестирлөөдөн өтүүгө жана адистерден кеңеш алууга шарттар түзүлгөндүгу жана жогоруда аталган GIZ долбоорунун колдоосу менен Ош шаарында Кесипке багыт берүү борбору ачылгандыгы жөнүндө белгилеп кетти. Министрликтин аталган долбор менен болгон кызматташуусунун натыйжасында өлкөдө жумушсуз жарандарды эмгек рыногуна аралаштыруу боюнча көптөгөн үзүрлүү иштер жөнүндө дагы айттып кетти Жылдыз Полотова.
Жарманкеде иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен экспресс интервьюларды өткөрүшүп, ал эми жарандар ишке орношууга көмөктөшүү, кесипке багыт берүү жана үйрөтүү, иш берүүчү менен алгачкы маектешүү боюнча кеңештерди алышты. Мындан тышкары, белгилүү ийгиликтүү ишкерлер, ишкана негиздөөчүлөрү, тажрыйбалуу HR адистери жана мотивациялуу ийгилик тарыхы бар спикерлер тарабынан ар кандай темада мастер-класстар өткөрүлдү. Жарманкеге 1800дөн ашуун адам катышты. Иш-чарага ири жумуш берүүчүлөр дагы катышты, мисалы – “Кыргыз Тесктиль”, “Байка Тесктиль” жана башка ишканалар.
2022-10-27