Кара-Суу районунда бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өттү

Кара-Суу районунан жана жакын жайгашкан Ош шаарынан жарманкеге катышкан ишкана-мекемелеринен 955 бош орундар сунушталды.
Ошондой эле жарманкеде кесиптик багыт берүү боюнча иш-чаралар өтүп, мамлекеттик кесиптик окуу жайлары жана жеке менчик окуу борборлору катышты.
Иш-чараны КРнын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрнин орун басары Жылдыз Полотова ачып, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жумушсуздук менен күрөшүү жана социалдык саясатта активдүү иш-чараларды күчөтүсүү зарыл экендигин белгилеп кетти.
“Ошол себептен жумушсуздукту жоюунун эффективдүү чараларынын бири – бул бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси. Бул чоң жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн аянтчасы” – деди ал өз сөзүндө.
Мындан сырткары, иш-сапарда министрдин орун басары Германия эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) “Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана кесипке окутуу” программанын өкүлү Кайрат Жаманкулов менен биргеликте Кара-Суу райононун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында майыптыгы бар жараандарды эмгек рыногуна аралаштыруу боюнча пилоттук долбордун ишке ашуусун мониторинг жүргүзүштү.
Долбордун алкагында башкармалкыктын иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмүндө майыптыгы бар жаран жумушка алынып, ал үчүн жеткиликтүү чөйрө түзүүсү каралган. Негизги максат – жумушка жарактуу майыптыгы бар жараандарды жумушка жана кесиптик окууга тартуу, иш берүүчүлөргө үлгү берүү, алар менен тыгыз иштешүү.
Пайдалуу
Ссылкалар