Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде салтанатуу ишчара өттү

Ишчарага Эмгек министри Кудайберген Базарбаев, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев жана коомдук ишмер Мелис Мураталиев катышышты.
“Биздин эгемендүүлүгүбүздүн бир чоң жетишкендиктеринин бири бул өзүбүздүн тилибизде эркин ойлонуу жана сүйлө.
Тилибизди сактоо үчүн, өркүндөтүү үчүн, күчүбүздү, убактыбызды аябоо керек.
Бүгүнкү иш чара ошондой аракеттердин бири”, деди министр.
Эмгек министрликтин жамааты конокторго маданий программа уюштуруп, өздөрүнүн чыгармачылыктарын тартуулашты.
Маданий ишчара коомдук ишмер Мелис Мураталиевдин Кыргыз тилинин барктуулугун даназалаган лекция менен аяктады.
Пайдалуу
Ссылкалар