Жакшы жашоо жакшы жумуштан башталат!
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Жакшы жашоо жакшы жумуштан башталат” ураан менен бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкесин 2022-жылдын 18-октябрында республиканын көпчүлүк аймактарында өткөрдү. Мындай иш-чара жумушсуздукту жоюунун эффективдүү чараларынын бири, жумуш табууну көздөгөн жарандарыбыз үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр десе болот.
Республика боюнча жарманкеге 590тан ашуун таанымал ишкана-мекемелеринин өкүлдөрү кесипкөй адистерди табуу максатында катышты. Жумуш берүүчүлөр менен түздөн-түз кезигип маектешүүгө бардык шарттарды түзүү менен бирге эмгек рыногунда болгон бардык тармактарынан 9150дөн ашуун бош жумуш орундары коюлду.
Жарманкеге кесипке жаңы кадам таштаган, келечекке чоң үмүттөрдү койгон, эмгек потенциалы чоң болгон жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү да катышты. Ошондой эле, иш-чарага келген мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн кесиптик багыт берүү боюнча тестирлөөдөн өтүүгө жана адистерден кеңеш алууга аянтча түзүлдү. Кесипке багыт берүү жарандардын күчтүү жактарын жана жөндөмдөрүн аныктоого жардам берет.
Иш-чарага жогорку окуу жайлар жана кесиптик лицейлер да катышып, кесиптер боюнча, ал эми Министрликтин аймактагы иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү кызматынын адистери акысыз кызматтар жөнүндө кеңири маалымат беришти. Ошондой эле, өз тармагында жогорку ийгиликтерге жетишкен инсандар өздөрүнүн ийгилик сырлары менен бөлүштү.
2022-10-27