«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын он айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 10 айында (январь – октябрь) 86624 телефондон кайрылуу (же бир суткада 284 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 2542 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 649 же 25,5% жаш балдардан, ал эми 1893 же 74,5% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 1916 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 257 абонентке психологиялык консультация берилди, 369 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

2542 чалуунун ичинен эркектерден – 650 (же 25,6%), аялдардан – 1892 (же 74,4%), балдардан – 649: анын ичинен эркек балдардан –200 (же 30,8%), кыздардан – 449 (же 69,2%). 

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап –755;

– финансылык, гуманитардык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 301;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 278;

–  балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 262;

– психологиялык жабырлануудан – 242;

– үй- бүлөлүк мамилелер жана чыр- чатактар тууралуу – 110;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 105;

– БҮИТ борборунун иши тууралуу маалымат – 103;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип –95; 

– башка суроолор менен – 88;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 82;

– билим берүү системасы боюнча – 70;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 39;

– мектептеги рэкет тууралуу -8;

– суицид тууралуу – 4.

84082 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 745 (же 29,3%);

– Чүй облусунан – 388 (же 15,3%);

– Ош облусунан – 238 (же 9,4%);

– Жалал-Абад облусунан – 205 (же 8,1%);

– Ысык- Көл облусунан – 166 (же 6,5%);

– Ош шаарынан – 118 (же 4,6 %);

– Баткен облусунан – 95 (же 3,7 %);

– Нарын облусунан – 63 (же 2,5%);

– Талас облусунан – 60 (же 2,4%);

– анонимдерден – 464 (же 18,2%).

Пайдалуу
Ссылкалар