Адам сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүдө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ролу барган сайын жогорулоодо

Ысык-Көл облусунда – Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин (ЭСКММ) кызматкерлери кабыл алынган Адам сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү улуттук механизмдин алкагында ведомствонун адам сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү ишиндеги ролуна арналган эки күндүк окутууга катышышты иш чараны “Прогресс Фонду” коомдук фонду уюштурду.
Окутууга ЭСКММнин Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышышты. Окутуу USAIDдин “Борбор Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды.
Окутуунун катышуучулары адам сатууга каршы күрөшүү жаатындагы улуттук жана эл аралык мыйзамдарды изилдеп, практикалык көнүгүүлөрдүн негизинде адам сатуунун формалары жана түрлөрү боюнча билимдерин өркүндөтүштү. ЭСКММнин кызматкерлеринин адам сатуунун курмандыктарын идентификациялоодогу ролун жогорулатуу, адам сатуунун алдын алуу, адам сатуунун курмандыктарын өз убагында идентификациялоо жана жабыр тарткандарга зарыл жардамдарды көрсөтүү боюнча натыйжалуулукту арбытат.
Окутуунун катышуучулары эл аралык жана улуттук деңгээлде адам сатуунун алдын алуу боюнча натыйжалуу иш жүргүзүү бардык тараптардын, анын ичинде мамлекеттик институттардын, жарандык коомдун уюмдарынын, медиа жана эл аралык уюмдардын макулдашылган аракеттери менен гана мүмкүн экендигин белгилешти.
Базарбаев Нурдөөлөт Сатыбекович, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары: «ЭСКММдин өкүлдөрү үчүн Адам сатуунун курмандыктарын кайра жиберүүнүн улуттук механизмин иштеп чыгууга түздөн-түз катышкан «Прогресс Фонду» коомдук фондунун эксперт-тренерлери тарабынан тренингдери жалпы республика боюнча өткөрүү абдан маанилүү. Биздин кызматкерлер адам сатуунун курмандыктарын аныктоону жана механизмдин башка катышуучуларына жиберүүдөгү өз ролун түшүнүшү керек”.
Медер Дастанбеков, Америка Кошмо Штаттарынын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) “Борбор Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун өлкө боюнча координатору: «Биздин коомдо Кыргызстанда адам сатуу жок деген түшүнүк бар. ЭСКММ, Башкы прокуратура жана Жогорку сот жана башка биздин өнөктөштөр менен кызматташуунун алкагында биз адам сатуунун бар экенин жана бул көйгөй абдан актуалдуу экендигин түшүнөбүз.
Ушуга байланыштуу тренинг-семинарларды өткөрүп ЭСКММдин райондук жана облустук бөлүмдөрүнө келгендердин арасынан адам сатуунун курмандыктарын аныктоонун практикалык ыкмаларын үйрөтүү зарыл. Анткени бул жашыруун кылмыш мүнөздө болгондуктан, адамдар адам сатуунун потенциалдуу курмандыктары болушу мүмкүн болсо да, өз көйгөйлөрүн айта беришпейт. Мындай учурда ЭСКММдин адистери тез реакция кылып, көйгөйдү түшүнүп жана өз убагында социалдык жардам көрсөтүүсү абдан маанилүү».
Милициянын полковниги Жумабаев Марлис Джекшенбекович, КР ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы, долбоордун тренери: “Адам сатуунун курмандыктарын кайра жиберүү – бүгүнкү күндө абдан маанилүү процедура. Бүгүнкү күндө биз алар адам сатуунун курмандыктарына кантип жардам бериши керек, социалдык реабилитациялоо боюнча ушул реабилитациялык кызматтарды көрсөтүү жана аларды башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтүү боюнча андан аркы иш-аракеттери кандай болушу керек деген маселенин үстүндө иш жүзүндө иштеп жатабыз”.
Окутуу Winrock International жүзөгө ашырып жаткан USAIDдин “Борбор Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун колдоосунда жана Кыргыз Республикасынын ЭСКММ менен кызматташтыкта “Адам сатууга каршы – коопсуз миграция үчүн!” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.
Пайдалуу
Ссылкалар