Москвада жумуш издөөгө жардам берүү үчүн КР Эмгек министрлигинин өкүлчүлүгү ачылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россия Федерациясында, Москва шаарында миграция жана жарандарга мыйзамдуу ишке орношууга жардам берүү боюнча Өкүлчүлүктүн ачылышы жөнүндө маалымдайт.
Өкүлчүлүктө кыргызстандыктар Россиянын Жумуш берүүчүлөрүн издөөдө жана ишке орноштурууда, тандоодо жана байланыш түзүүдө, жарандарды ишке орноштуруу боюнча келишимдерди түзүүдө жардам ала алышат.
Ал жерден эмгек миграциясы, Россия Федерациясынын миграциялык жана эмгек мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрү боюнча кеңеш алууга болот.
Кызматкерлер мекендештердин коомдук уюмдарына көмөк көрсөтүшөт. Мындан тышкары, өкүлчүлүккө элчиликтин төмөнкү функциялары берилген:
* Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн мекенине кайтаруу менен байланышкан бир жолку төлөмдөр боюнча жарандардын арыздарын кабыл алуу жана кароо;
* иш берүүчүлөр менен эмгек талаш-тартыштары боюнча, анын ичинде эмгек акыларын төлөбөй коюу боюнча жарандардын арыздарын кабыл алуу жана кароо.
Ал кайда жайгашкан?
Өкүлчүлүк КРнын Россиядагы элчилигинен 700 метр аралыкта жайгашкан, дареги: Москва ш., Малая Полянка көч., 7 курулуш 5 (метро Октябрьская (400 м.) метро Полянка (300 м.)
Возможно, это изображение 3 человека, люди стоят и в помещении
Пайдалуу
Ссылкалар