«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын ноябрь айынын биринчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1 – 8  ноябрына чейин 2038 телефондон кайрылуу (же бир суткада 291 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 51 абонент максаттуу консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 17 же 33,3% жаш балдардан, ал эми 34 же 66,7% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 32 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 2 абонентке психологиялык консультация берилди, 17 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып иш алып баруусу сунушталган.

51 чалуунун ичинен эркектерден – 8 (же 15,7%), аялдардан – 43 (же 84,3%), балдардан – 17: анын ичинен эркек балдардан – 3 (же 17,6%), кыздардан – 14 (же 82,4%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 17;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 8;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу -7;

– үй бүлөлүк мамилелер жана чыр чатактар тууралуу- 4;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 4;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу – 4;

– психологиялык жабырлануудан – 2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– башка суроолор менен – 2;

– БУИТ борбору тууралуу маалымат – 1.

1987 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 19 (же 37,2%);

– Чүй облусунан – 8 (же 15,7%);

– Ош облусунан – 5 (же 9,8%);

– Ош шаарынан  – 3 (же 5,9%);

– Ысык-Көл облусунан – 3 (же 5,9%);

– Баткен облусунан – 2 (же 3,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 1 (же 2,0%);

– Нарын  облусунан – 1 (же 2,0%);

– анонимдерден – 9 (же 17,6%).

Пайдалуу
Ссылкалар