«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын ноябрь айынын экинчи жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 8 – 15  ноябрына чейин 1818 телефондон кайрылуу (же бир суткада 259 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 51 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 10 же 19,6% жаш балдардан, ал эми 41же 80,4% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 34 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 4 абонентке психологиялык консультация берилди, 13 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып иш алып баруусу сунушталган.

51 чалуунун ичинен эркектерден – 16 (же 31,4%), аялдардан – 35 (же 68,6%), балдардан – 10: анын ичинен эркек балдардан – 1 (же 10,0%), кыздардан – 9 (же 90,0%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 21;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук корсотулгон тууралуу -9;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 7;

– психологиялык жабырлануудан – 3;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу –2;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– билим берүү системасы боюнча – 2;

– үй бүлөлүк мамилелер жана чыр чатактар тууралуу- 1;

– аялдарга карата үй- бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип – 1;

– БУИТ борбору тууралуу маалымат – 1;

– башка суроолор менен – 1.

1767 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 14 (же 27,5%);

– Чүй облусунан – 11 (же 21,6%);

– Ош облусунан – 7 (же 13,7%);

– Ош шаарынан  – 5 (же 9,8%);

– Баткен облусунан – 4 (же 7,8%);

– Ысык-Көл облусунан – 2 (же 3,9%);

– Жалал-Абад облусунан – 2 (же 3,9%);

– Нарын  облусунан – 1 (же 2,0%);

– анонимдерден – 5 (же 9,8%).

Пайдалуу
Ссылкалар