Жакырчылыкты жоюу программсы талкууланды
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жана Кытайдын ФАО, Ифад жана БУУ ТАПтын Римдеги туруктуу өкүлү Гуанг Дефу менен кызматташуу маселелерин талкуулашты.
Министр кызматташуу үчүн потенциалдуу чөйрөлөр болуп айыл чарба, экономикалык өз ара аракеттенүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу маселелери саналарын маалымдады.
“Кыргызстанда ушул жылдан баштап жакырчылыкты жоюунун жаңы Активдүү чарасы болуп эсептелген – Социалдык келишим долбоору ишке киргизилди. Бул долбоор аз камсыз болгон үй-бүлөлөр багытталат жана келишим түзүлүп, аларга мамлекет тарабынан чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сом колдоо көрсөтүлөт. Бул аракетибиз менен биз жакыр үй – бүлөлөр үчүн акчалай насыя программаларын ишке ашырган Ден Сяопиндин жолун жолдойбуз”, – деди ал.
Гуанг Дефун Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан социалдык коргоо жана жакырчылык менен күрөшүү программаларына кызыгуусун билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан “Бир алкак, бир жол” долбоорунда Кытайдын эң маанилүү шериктеш өлкөлөрүнүн бири болуп саналат жана инвестициянын көлөмү боюнча аймакта экинчи орунда турат.
Ал өз сөзүндө: “КЭР кызматташтыкты тереңдетүүгө жана күчөтүүгө үмүттөнөт. Биз экономикалык жана соода чөйрөлөрүндө эки тараптуу мамилелерди күчөтүү- Win win принциби боюнча кызматташууга ачыкпыз”, – деп белгиледи.
Гуанг Дефу жакырчылыкты жоюу жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жаатында күчтүү изилдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Кытайдын айыл чарба жана илим академиясы менен кызматташуу боюнча диалог ачууну сунуш кылды.
Жолугушууда Активдүү чаралар боюнча долбоорлорду жана жакырчылыктан чыгуу программаларын ишке ашыруу үчүн техникалык колдоо көрсөтүү маселеси талкууланды.
2022-11-16