«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын октябрь айындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1 -октябрынан 1-ноябрына чейин 7574 телефондон кайрылуу (же бир суткада 244 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 244 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын арасынан 72 же 29,5% жаш балдардан, ал эми 172 же 70,5% чоң адамдардан түшкөн). Анын ичинен 174 абонентке телефон аркылуу сунуштар жана консультациялар берилди, 36 абонентке психологиялык консультация берилди, 34 кайрылуу башка тиешелүү органдардын, мекемелердин аймактык бөлүмдөрүнө алардын компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

244 чалуунун ичинен эркектерден – 52 (же 21,3%), аялдардан – 192 (же 78,7%), балдардан – 72: анын ичинен эркек балдардан – 15 (же 20,8%), кыздардан – 57 (же 79,2%).

 Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам сурап – 60;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери тууралуу – 42;

– психологиялык жабырлануудан – 27;

– финансылык, гуманитардык жана башка жардам көрсөтүү тууралуу– 23;

–  балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 21;

– үй- бүлөлүк мамилелер жана чыр- чатактар тууралуу – 17;

– БҮИТ борборунун иши тууралуу маалымат – 10;

– билим берүү системасы боюнча – 9;

– башка суроолор менен – 9;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 8;

– медициналык камсыздоо тууралуу – 6;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБО жана башка мекемелердин ишине же кызматкерлерине нааразычылык билдирип –6; 

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу – 5;

– мектептеги рэкет тууралуу -1.

7330 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: мобилдик операторлордун интернет кызматына кошуу боюнча, бирдик жүктөө, телефондук ойноолор (тентектер), тез жардам, милиция  кызматын сурап, жаңылып чалгандар.

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча Борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 73 (же 30,0%);

– Чүй облусунан – 39 (же 16,0%);

– Жалал-Абад облусунан – 19 (же 7,8%);

– Ош облусунан – 17 (же 7,0%);

– Ысык- Көл облусунан – 16 (же 6,5%);

– Ош шаарынан – 16 (же 6,5 %);

– Баткен облусунан – 11 (же 4,5 %);

– Талас облусунан – 6 (же 2,4%);

– Нарын облусунан – 2 (же 0,8%);

– анонимдерден – 45 (же 18,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар