«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын ноябрь айынын үчүнчү жумасындагы иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 15 – 22  ноябрына чейин 1697 телефондон кайрылуу (же бир суткада 242 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 44 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 9у же 20,5% жаш балдар, ал эми 35и же 79,5% чоң кишилер) 31 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 1 абонентке психологиялык консультация берилген, 12 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

44 чалуунун ичинен эркектерден – 13 (же 29,5%), аялдардан – 31 (же 70,5%), балдардан – 9: анын ичинен эркек балдардан – 3 (же 33,3%), кыздардан – 6 (же 66,7%).

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 15;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 12;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө -5;

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 3;

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 3;

– башка маселелер боюнча – 2;

– психологиялык жабырлануу менен – 1;

– балдарды тарбиялоо, анын алардын жүрүм-туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 1;

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 1;

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнун жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 1.

1653  ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 13 (же 29,6%);

– Чүй облусунан – 10 (же 22,7%);

– Ош облусунан – 6 (же 13,6%);

– Жалал-Абад облусунан  – 4 (же 9,1%);

– Ысык-Көл облусунан – 2 (же 4,5%);

– Баткен облусунан – 2 (же 4,5%);

– Ош шаарынан – 1 (же 2,3%);

– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 6 (же 13,6%).

Пайдалуу
Ссылкалар