«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын ноябрь айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1 – ноябрынан – 1 – декабрына  чейин 7955 телефондон кайрылуу (же бир суткада 265 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 209 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 47 же 22,5% жаш балдар, ал эми 162 и же 77,5% чоң кишилер) 144 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 12 абонентке психологиялык консультация берилген, 53 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

209 чалуунун ичинен эркектерден – 47 (же 22,5%), аялдардан – 162 (же 77,5%), балдардан – 47: анын ичинен эркек балдардан – 8 (же 17,0%), кыздардан – 39 (же 83,0%).

 Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

 – социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 71 (балдар 0) ;

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 27 (балдар 4);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 24 (балдар 8);

– балдарды тарбиялоо, анын алардын жүрүм-туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 24 (балдар 14);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 11 (балдар 2);

– психологиялык жабырлануу менен – 9 (балдар 8);

– билим берүү системасы жөнүндө – 9 (балдар 0);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 8 (балдар 1);

– үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 7 (балдар 2);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 7 (балдар 5);

– башка маселелер боюнча – 7 (балдар 2);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 4 (балдар 1);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 1 (балдар 0).

7746 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат.  

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 66 (же 31,6%);

– Чүй облусунан – 36 (же 17,2%);

– Ош облусунан – 22 (же 10,5%);

– Жалал-Абад облусунан – 13 (же 6,2%);

– Ысык-Көл облусунан – 12 (же 5,7%);

– Баткен облусунан – 12 (же 5,7%);

– Ош шаарынан – 11 (же 5,3%);

– Талас облусунан – 1 (же 0,5%);

– Нарын облусунан – 1 (же 0,5%);

– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 35 (же 16,7%).

Пайдалуу
Ссылкалар