«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын 11 айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1 январынан – 1- декабрына чейин 94579 телефондон кайрылуу (же бир суткада 283 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 2751 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 696 же 25,3% жаш балдар, ал эми 2055 и же 74,7% чоң кишилер) 2060 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 269 абонентке психологиялык консультация берилген, 422 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

2751 чалуунун ичинен эркектерден – 697 (же 25,3%), аялдардан – 2054 (же 74,7%), балдардан – 696: анын ичинен эркек балдардан – 208 (же 30,0%), кыздардан – 488 (же 70,0%).

 Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 826 (балдар 7);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 328 (балдар 31);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 302 (балдар 182);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 286 (балдар 109);

– психологиялык жабырлануу менен – 251 (балдар 198);

– үй бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 118 (балдар 9);

– үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 112 (балдар 17);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 110 (балдар 69);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 99 (балдар 4);

– башка маселелер боюнча – 95 (балдар 35);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 93 (балдар 15);

– билим берүү системасы жөнүндө – 79 (балдар 9);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 40 (балдар 3);

– мектептеги рэкет жөнүндө – 8 (балдар 5);

– суицид жөнүндө 4 (балдар 3).

91828 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат.  

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 811 (же 29,5%);

– Чүй облусунан – 424 (же 15,4%);

– Ош облусунан – 260 (же 9,5%);

– Жалал-Абад облусунан – 218 (же 7,9%);

– Ысык-Көл облусунан – 178 (же 6,5%);

– Ош шаарынан – 129 (же 4,7%);

– Баткен облусунан – 107 (же 3,9%);

– Нарын облусунан – 64 (же 2,3%);

– Талас облусунан – 61 (же 2,2%);

– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 499 (же 18,1%).

Пайдалуу
Ссылкалар