Эмгек министри: Баткен облусунда каза болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө 12 млн сомдон ашык акча төлөндү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, бүгүн 12-декабрда Лейлек районунун Раззаков шаарында жана Баткен шаарында үстүбүздөгү жылдын сентябрында болуп өткөн чек ара аскердик жаңжал учурунда курман болгондордун жана жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрү менен жолугушууларды өткөрдү.
Кудайберген Базарбаев Баткен облусунун тургундарына мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан жардам тууралуу маалымат берди.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси боюнча министрлер кабинети тарабынан” Баткен жана Ош облустарында 14-17 сентябрында – 2022-жылдын болгон окуялардын натыйжасында Кыргыз Республикасынын курман болгон жарандарынын үй-бүлөлөрүнө жана жабыркаган жарандарына бир жолку материалдык жардам төлөө жөнүндө” токтом кабыл алынды.
Декабрдын башында 21 үй-бүлөгө 12 миллион 600 миң сом каржылык жардам көрсөтүлдү. Чыр-чатак учурунда туугандары каза болгон 11 үй-бүлөгө 1 миллион сомдон, туугандары ар кандай даражадагы жаракат алган 10 үй-бүлөгө бир жолу 100 миңден 200 миң сомго чейин сумма төлөнгөн.
Эмгек министрлиги тарабынан Баткен облусу боюнча 1 миллиард 600 миллион сом, анын ичинде Баткен району боюнча 540 миллион, Лейлек району боюнча 390 миллион сом өлчөмүндө социалдык төлөмдөр каржыланган”, – деди министр.
Жолугушуу учурунда курман болгондорду эскерүү иретинде Куран окулуп, Министрликтин атынан азык-түлүк топтомдору тапшырылды.
Министр ошондой эле министрлер кабинетинин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жанибек Исаков, ошондой эле Баткен жана Лейлек райондорунун райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын башчылары менен жолугушуу өткөрдү.
Пайдалуу
Ссылкалар