Талас облусунун 43 тургуну Түштүк Кореяда иштегенге мүмкүнчүлүк алышты
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 2022-жылдын 19-декабрында кыргызстандыктарды Корея Республикасына жөнөтүү боюнча иш-чара учурунда билдирди.
“Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгынын алкагында Министрлик тарабынан чет өлкөлөрдө Кыргызстандын жарандары үчүн жумуш орундарын түзүү боюнча чоң иштер жүргүзүлүүдө.
Алсак, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Чет өлкөдөгү жарандарды ишке орноштуруу борборунун ортосунда Талас облустук администрациясы жана Корея Республикасынын Кочанг районунун Чолла-Пукту провинциясы менен макулдашууга кол коюлган, ал боюнча айтылган облустун тургундарынын биринчи тобун Түштүк Кореяга жөнөтүлөт.
Кыргызстандын Корея Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен түзүлгөн келишимде эмгек шарттарын түзүү каралган, бул татыктуу эмгек акы, социалдык кепилдиктер, силер өзүнөрдү жогорку деңгээлди көрсөтүп, барган өлкөнүн мыйзамдарын бузбооңуз маанилүү”, – деди министр.
2022-12-22