«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдын декабрь айынын иши тууралуу маалымат

«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылдын 1- декабрынан 2023 – жылдын 1- январына чейин 6702 телефондон кайрылуу (бир суткада 216 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 201 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 47 (23,4%) жаш балдар, ал эми 154 (76,6%) чоң кишилер) 142  кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 20 абонентке психологиялык консультация берилген, 39 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

201 чалуунун ичинен: эркектерден – 47 (23,4%), аялдардан – 107 (53,2%), эркек балдардан – 7 (3,4%), кыздардан – 40 (20,0%).

 Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 76 (балдар 0);

– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 24 (балдар 3);

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 22 (балдар 17);

– психологиялык жабырлануу менен – 17 (балдар 13);

– үй бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 12 (балдар 0);

– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 11 (балдар 5);

– үй-бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө – 9 (балдар 1);

– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 8 (балдар 1);

– билим берүү системасы жөнүндө – 7 (балдар 0);

– БУИТ борборунун иши жөнүндө маалымат – 6 (балдар 5);

– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине даттануу менен – 5 (балдар 0);

– медициналык камсыздоо жөнүндө – 3 (балдар 1);

– башка маселелер боюнча – 1 (балдар 1).

6501 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат.  

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:

– Бишкек шаарынан – 53 (26,4%);

– Чүй облусунан – 28 (14,0%);

– Ош облусунан – 27 (13,4%);

– Жалал-Абад облусунан – 18 (9,0%);

– Ысык-Көл облусунан – 11 (5,5%);

– Ош шаарынан – 9 (4,4%);

– Талас облусунан – 5 (2,4%);

– Нарын облусунан – 3 (1,5%);

– Баткен облусунан – 2 (1,0%);

– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 45 (22,4%).

Пайдалуу
Ссылкалар