«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2022 – жылдагы иши тууралуу маалымат

Борбордун психолог – кызматкерлери:

 – телефон аркылуу күнү – түнү  кызмат көрсөтөт (24 саат бою, бир сменде 2 психолог иштейт);

– чалууларды кабыл алышат, угат жана абоненттерге консультация берет, максаттуу чалууларды (консультация алуу же жардам берүү жөнүндө) эсепке алышат жана журналга катташат, анкета толтурушат, бардык сүйлөшүүлөр жазылат, сунуш беришет, кабыл алынган билдирүүлөр тиешелүү мекемелерге жана уюмдарга алардын компетенциясына ылайык кайрылууларды кабарлайт.

 «Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2022 – жылы  (январь – декабрь) 101281 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 277 чалуу) түшкөн.

Анын ичинен 2952 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (анын ичинен 743 (25,2%) жаш балдардан, ал эми 2209 (74,8% чоң кишилер), 2202 кайрылууга телефон аркылуу консультациялар менен сунуштар берилип, 289 абонентке психологиялык консультация берилген, 461 кайрылуу мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.

2952 чалуунун  ичинен эркектерден – 536 (18,1%), аялдардан – 1673 (56,7%), эркек балдардан – 215 (же 7,3%), кыздардан – 528 (же 17,9 %).

 902 (балдар 7) же 30,5% кайрылган абоненттердин ичинен көбү чоң адамдар социалдык жардам сурап чалган. Алар “үй-бүлөгө көмөк”, “балага сүйүнчү”, майыптык, жеке ассистенттин кызмат акысын төлөө, камкорчусунан ажырагандыгы, кош бойлуулук жан төрөт боюнча, сөөк коюуга жөлөкпул, майыптарга берилүүчү жөлөкпулду көбөйтүү, бала асырап алуу, комкордукка алуу, кабыл алуучу (фостердик) үй-бүлө тууралуу консультация, үй-бүлөнү жана балдарды текшерүү, балдардын эмгегин колдонуу, кресло-коляска, ДМЧаларга дарыланууга санатордук-курорттук жолдомо алуу, протезди оңдоо жана алмаштыруу, баланы жана улгайган жаранды социалдык стационардык мекемеге (ССМ), убактылуу борборго орноштуруу, пихологдун коштоосу, “Баатыр эне” наамы менен сыйлоо жөнүндө кайрылышкан.

Кайрылуулардын экинчи позициясын 352 (балдар 34) абонент же 12,0% чалып, финансылык, гуманитардык, материалдык, юридикалык жардам, үй, психолог, юрист, психотерапевт таап берүү, паспорт, балага туулган тууралуу күбөлүк алуу, чек араны кесип өтүү, баланын жашаган жерин аныктоо, турак жай, адамды жана баланы издөө боюнча, туугандары менен жолуктуруу, ПМПКдан өтүү, балдарды сатууучурлары тууралуу консультация,  соцтармактар аркылуу опузалоо, Өзгөчө кырдаалдар жана 102 Кызматынын кызматкерлерин чакыруу, гумжардам берүү сунушу, апасы менен байланышуу, мамлекеттик мекеме жана башка уюмдардын даректерин сураган.

324 (балдар 199) же 11,0% абонент баланы тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, балдар менен ата – энелердин өз ара  мамилеси жөнүндө, ата – энеси, тууугандары, өгөй атасы, группалаштары, классташтары, досу, теңтуштары, менен өз ара мамилелери жана түшүнбөстүктөрү, окууга көңүл жоктугу, окуудагы кыйынчылыктар, баланы мотивациялоо, балдардын укугу, кызына, жээнине, досуна тынчсыздануу, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү тууралуу консультация, гиперактивдүүлүк учурда, агрессивдүү жүрүм туруму, эротикалык киного кызыгуу, клептоманиядан, компьютердик оюндардан көз карандылык, өзү жөнүндө аңгеме айткан чалуулар түшкөн.

297 (балдар 114) же 10,0% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук ата – энеси, өгөй атасы, өгөй энеси, эжеси, туугандары, теңтуштары, классташтары, жогорку класстын окуучусу, кошунасы, белгисиз аял тарабынан болуп жатканын кабарлаган, зордуктоого аракет кылганда, эркек, врач-массажист, борбордун тарбиялануучусу, мугалим, тарбиячы куугунтуктоо учурда көрүлүүчү чара жөнүндө консультация сурашкан.

Психологиялык жабырлануудан 268 (балдар 211) же 9,0% абонент кайрылган. Алардын кайрылуусуна күнөөлүү сезими, тынчсыздануу, коркунуч, жалгыздык, эмоционалдык күйүп кетүү, таарыныч, ачуулануу, агрессия, аутоагрессия, кыжырдануу, депрессия, апатия, паника чабуулдары, кызганыч, сүйүү сезимдери, суицидалдык ойлор, өзүнө нааразы болуу, чечкинсиздик, тандоодогу, окуудагы кыйынчылыктар жана жетишпездик, өзүн төмөн баалоо жана өзүн өзү сыйлоонун жоктугу, башкаларга ишенбөө, ата-энесинин ашыкча коргоосу, тыйуу салуу, ата-энесинин колдоосу жана көңүлдүн жоктугу, ата-энелердин ажырашуусу жана ортосундагы жаңжалдар, туугандары, достору, классташтары, класс жетекчиси менен өз ара келишпестиктер, жаман эскерүүлөр, капалануу, ажырашуу, өткөн окуялар, байкесинин куугунтуктоосу, досунун өлүмү, турмуштук оор кырдаал, досуна, эжесине тынчсыздануу, ден соолугунун абалы, тукумсуздук себеп болгон.

Үй–бүлөлүк мамилелер бузулуу жана жаңжалдар жөнүндө 127 (балдар 10) же 4,3% абонент чалган. Буларга аял – күйөөлөрү, ата-энеси, туугандары, кызы, өгөй баласы менен өз ара түшүнбөстүктөр жана жаңжалдар, баланы ата – энесинин бирөөсүнүн камкордугуна берүү, бала менен жолугууга тыюу салуу, алимент төлөбөгөндүк себеп болгон.

124 (балдар 17) же 4,2% абонент үй – бүлөлүк зомбулук күйөөсү, атасы, өгөй атасы, туугандары, баласы, никеде турбаган күйөөсү, агасы, досу, классташы, кошунасынын күйөөсү, белгисиз эркек тарабынан көрсөтүлгөнү жөнүндө кабарлаган, балдарды алып кетүүгө жардам, кыз ала качуу,  үй – бүлөлүк зомбулук көрсөткөн учурлар боюнча консультация сурашкан.

116 (балдар 74) же 4,0% абонент «Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун иши жөнүндө маалымат алуу үчүн кайрылган.

104 (балдар 4) же 3,5% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине же ишине даттануу болгон (РЭСКМБдын, ССМнин, МСЭКтин, РИИБдүн, ЖӨБИ, ИИМ, ӨКМ, КБ, айыл өкмөттүн, Софонддун, Кант ш. Мэриясына, депуттарга, банкка, Суу чарба департаментинин кызматкерлерине, иш берүүчүгө).

101 (балдар 16) же 3,4% кайрылуу балдарга карата ата – эне, белгисиз эркек тарабынан кайдыгер мамиле жөнүндө болгон.

96 (балдар 36) же 3,3% чалуулар ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон (БҮИТ Борбордун кызматкерлерине ыраазычылык жана куттуктоо, кошунасына даттануу, жигити тарабынан шантаж, туура эмес жүрүм турумдуу эркек, соцтармактардагы коркутуу жана алдамчылык, мобилдик операторлор жөнүндө маалымат, уюлдук телефондун зыяндуулугу, мобилдик телефондорду жана гаджеттерди жаш балдарга сатпоо, компьютердик клубдардагы рейддер, документтерди жоготуу, жарандык алуу, КР Президентине кайрылуу, жер тилкесин сатуу, курсташынын мамилесине нааразычылык, бала уурдоо, кекечтенүүдөн арылуу, банк операциялары тууралуу консультация, кабарланган чалууну жокко чыгаруу, чалган абоненттин дарегин алуу, РИИБ кайрылууну катоого алуу, өлкөдөгү экономикалык кырдаал, баланс толтуруу, өзүнүн мобилдик телефонунун номерин билдирүү, өзү жөнүндө аңгеме, балдардын ойноп чалуулары).

Билим берүү системасы жөнүндө 86 (балдар 9) же 2,9% абонент чалып, мектеп администрациясына, директоруна, завучуна, мугалимге, класс жетекчиге, тренерге, аскер колледжине даттанган,  акча чогултуу, оффлайн окуу тууралуу маалымат, мектептеги буллинг жөнүндө билдирген, мектепке, бала бакчага орноштуруудагы кыйынчылыктар, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө жүргөн учурда мугалимди ишке алуу, мугалимдердин дем алыш күндөрү иштөөсү жөнүндө сураган.

43 (балдар 4) же 1,4% абонент медициналык камсыз кылуу жөнүндө, доктурга, медайымга, аскер бөлүктүн медициналык кызматына даттануу, ден соолугунун көйгөйү, РПДСБнан чыгаруу, кош бойлууларга бекер медициналык кызмат, кыйыштыруу, баланы дарылоо, тез жардам кызматын чакыруу боюнча чалган.

8 (балдар 5) абонент же 0,3% мектептеги рэкет (жогорку класстын окуучулары тарабынан) жөнүндө билдирген.

4 (балдар 3) же 0,2% суицид жөнүндө чалган.

98329 ар кандай мүнөздөгү чалуулар: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.

Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын мүнөзүнө жараша компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт. 

461 кабарланган билдирүүнүн ичинен 365 (79,2%) – райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жан миграция башкармалыктарына (РШЭСКМБ) жөнөтүлдү,  89 (19,3%) – ички иштер органдарына, ӨКМ – 1 (0,2%), саламаттык сактоо органдарына – 1 (0,2%), билим берүү органдарына 1 (0,2%), кризистик борборго -1 (0,2%), башкага – 1 (0,2%) жөнөтүлгөн.

 Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, жыйынтыгы тууралуу маалыматты, жоопту алып турат. 

Түшкөн 2952 кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек  шаарынан   – 864 (29,3%);

– Чуй облусунан – 452 (15,3%);

– Ош облусунан – 287 (же 9,7%);

– Жалал – Абад облусунан – 236 (8,0%);

– Ысык – Көл облусунан – 189 (6,4%);

– Ош шаарынан – 138 (4,7%);

– Баткен облусунан – 109 (3,7%);

– Нарын облусунан – 67 (2,3%);

– Талас облусунан – 66 (2,2%);

– жашырын чалуулар (анонимдерден) – 544 (18,4%).

Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.

БҮИТ Борбордун кызматкерлеринин мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте жүргүзгөн ишинин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү.

Балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу кабарланган 142 кайрылунунун ичинен 32 факты анык болгон, 2 бала үй-бүлөдөн алынып, убактылуу реабилитациялык борборго жайгаштырылган, ал үй-бүлөлөр каттоого алынган, 61 факты аныкталган эмес. Буга байланыштуу бардык үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу кабарланган 65 кайрылуунун ичинен 14 факты аныкталган, 12 бала үй-бүлөсүнөн алынып, убактылуу реабилитациялык борборго жайгаштырылган, ал эми 51 факты аныкталган эмес, үй-бүлөлөр менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Кайырчылык сураган тууралуу 5 факты аныкталган эмес, 1 факт аныкталган, ата – эне менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу 35 кайрылуунун ичинен 17 факты аныкталган,  үй-бүлөлөр каттоого алынып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, 1 аял Кризистик борборго жайгаштырылган, 3 коргоо ордери берилген, 2 факты боюнча жабыр тарткандар арыз жазышкан, 1 факт соттун кароосуна жөнөтүлгөн, 9 факты боюнча аялдар күйөөлөрүнө арыз жазгандан баш тартышкан, 3 факты аныкталган эмес.

168 үй-бүлөгө райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын кызматкерлери жашаган жерине барып, изилдеп чыгып, үй-бүлөлөр менен балдарды кароо жана тарбиялоо, мамлекеттик жөлөкпулдарды чектөө, төлөө, ошондой эле оор турмушка кабылган балдарга жана үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык кызматтар жөнүндө консультациялар жана сунуштар берилген, кээ бир үй-бүлөлөр көзөмөлгө жана коштоого алынган.

2022 – жылы (2952 чалуу) түшкөн чалуулардын санын 2021 – жылы (2584 чалуу) менен салыштырганда, чалуулар 14,2% өскөн.      

Пайдалуу
Ссылкалар