Аламүдүн райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы, административдик улук жана кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Аламүдүн райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде административдик   улук  жана  кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

өзүнүн арызы;

-Резюме(электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

-Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

-Нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсүн (иш стажы бар болсо);

-илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

-паспорттун көчүрмөсү;

Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга  шайкеш келиши керек:

Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

1) кесиптик билимдин деңгээли:

-Жогорку билим: гуманитардык илимдер, социалдык илимдер,экономика жана башкаруу, педагогикалык билим берүү,табигый илимдер, техникалык илимдер.

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

-иш стажына талаптар коюлбайт;

3) кесиптик компентенттүүлүгү:

төмөнкүлөрдү билүү:

 Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү кызмат орду боюнча иш чөйрөнү регламенттөөчү мыйзамдарды:

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»;
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.
  4. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»;
  5. Кыргыз Республикасынын Мыйзамы «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»;
  6. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамы.

Кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана / же расмий тилдерди;

  • Билгичтиги:
  • Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

  • Тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
  • Кызматтык милдеттерге ылайык өзишин натыйжалуу пландоо;
  • Жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
  • Мамлекеттик жана /же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

Командада иштөө:

  • Көндүмдөрү:
  • Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
  • Компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Документтер 2023-жылдын 25 январынан  2023-жылдын 6-февралына чейин 10 жумушчу күндүн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Лебединовка айылы, Ленин проспектиси №138,   байланыш телефону: (0312)339114,

Мамлекеттик кызматка кабыл алуу кадрдык резервден бош кызмат ордуна талапкерди дайындоо жолу менен жүргүзүлөт.

Кадрлардын резерви жетекчи жана кенже кызматтарга талапкерлерден турат.

Ага ачык конкурстук тандоодон өткөн жана мыйзамда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары кирет.

Пайдалуу
Ссылкалар